Нарында Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата митинг-реквием ɵткɵрүлдү

Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркында Улуу Жеӊиштин 69 жылдыгына арналган салтанаттуу митинг болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл чамбарларды коюу, асманга ок атуу жана куран окуу менен башталып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын,  облустун жана шаардын жетекчилеринин куттуктоолору менен коштолду.

Митингди алып барган шаардын мэри Р.Адиев  ɵз сɵзүндɵ, «жеӊиш күнүн кɵз жаш менен кошо келген майрам деп тегин жерден атабаган чыгаар. Улуу майрам биздин кайгыбыз дагы, салтанатыбыз дагы. Бул күндү биз эстен чыгарууга акыбыз жок. Азыркы муундун атынан кан майданда баатырларча курман болгондордун, бүгүнкү күндүн жарыгын кɵрбɵй калгандардын элесине жана ооруктун эмгекчилерине тизе бүгүп, тереӊ таазим этебиз»,-деди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ паркка тигилген аскердик чатырдын ичине ардагерлерге жана оруктун катышуучуларына  2025 аскердик бɵлүгү менен шаардык мэрия тарабынан дасторкон даярдалып, солдаттык каша  берилди.

Ошондой эле майрамга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен согуштун ардагерлерине 5 миӊ сомдон жана тылдын ардагерлерине 3 миӊ сомдон акчалай жардам берилип, ак калпак кийгизилип, сый кɵрсɵтүлдү.

 

Добавить комментарий