НАРЫНДА 150 ЖЫЛДЫК МААРАКЕ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНИП ЖАТАТ.

Бүгүн, 21-сентябрда Нарын шаарынын 150 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат.

Таӊ эрте, келген меймандардын катышуусунда шаардын 64 аймагындагы Т. Пудовкин атындагы сейил бактын жана Городок аймагындагы «Жаштар» сейил багынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Мындан соӊ М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында мааракелик иш чаранын расмий бɵлүгү ɵткɵрүлдү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеӊештин депутаттары, Ѳкмɵт мүчɵлɵрү, элчиликтердин ɵкүлдɵрү, Нарын облусунун, Нарын шаарынын мурдагы жетекчилери, бардык облустардын жана шаарлардын, эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү, маданият кызматкерлери жана башка алыстан келген сыйлуу меймандар катышып, Нарын жергесине, теӊиртоолуктарга жакшы тилектерин билдиришти.

Майрам шаӊы Ала-Тоо стадионунда театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолду. Мында Нарын шаарынын түптɵлгɵндɵн тартып бүгүнкү күнгɵ чейинки тарыхы баяндалды. Шаардын бүгүнкү турмушу мекеме-ишканалардын салтанаттуу жүрүшү менен чагылдырылды. Ошондой эле «Нукура» фестивалы ɵткɵрүлүп, облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын аракети менен боз үйлɵр тигилип, улуттук каада-салттар кɵрсɵтүлдү.

Мындан соӊ борбордук аянтта билим берүү мекемелеринин аракети менен даярдалган чоӊ программадагы концерттик программа тартууланып, бɵбɵктɵрдүн ыр-күүсү шаар ичин шаӊга бɵлɵдү.

Майрамдык иш чаранын кийинки бɵлүгү кечкисин Ала-Тоо стадионунда белгилүү эстрада жылдыздарынын концерти менен улантылмакчы.

Добавить комментарий