Нарын жылуулук ишканасынын кардарлары жылдан жылга кɵбɵйүүдɵ.

Ѳткɵн жылы ишкананын 1865 абоненти болсо,  быйыл  6 откананын кошулушу менен кардарлардын саны 2020га жеткен. Тактап айтканда, жылуулук ишканасы тарабынан 93 кɵп кабаттуу үй, 31 менчик үй, республикалык бюджеттеги 22, жергиликтүү бюджеттеги 19 мекеме, 6 башка керектɵɵчүлɵр жылуулук менен камсыздалууда.

Ишкананын жетекчиси У. Айтиев белгилегендей, быйылкы жылуулук мезгилине карата Ленин кɵчɵсүндɵгү №123, 125, 107-үйлɵр, ошондой эле №2025-аскер бɵлүгү, «Чебурашка» балдар бакчасы, Нарын шаардык билим берүү бɵлүмү, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын отканалары жаӊы кошулуп, бир катар жылуулук трассалары ремонттолуп, пландалган иштердин 95 пайызы аткарылган.

Алдыда менчик үйлɵрдүн ички жылуулук трассаларын алмаштыруу, жер тɵлɵлɵрдɵгү отказандарды ремонттоо, борбордук мончонун жылытуу системасын кɵмүр отказанына которуу, ишкананы чарбалык эсепке ɵткɵрүү, абоненттердин санын кɵбɵйтүү пландары бар.

Ишкананын отчеттук жыйынында Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов иштин натыйжасы кадр маселесинен кɵз каранды экендигин, бул ишканада бир нече жылдан бери системалуу иш болуп келгендигин белгилеп, эӊ негизгиси элибизди кыштан үшүтпɵй алып чыгып кетүү зарылдыгын кызматкерлерден ɵтүндү. Ошондой эле ишти дагы жакшыртуу максатында алдыга бир катар милдеттерди койду.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий