Нарын казыятанда медресенин курулуш иштери жүрүп жатат

23-октябрда Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев Нарын шаарынын аймагындагы Нарын казыятында курулуп жаткан медресенин иши менен жакындан таанышты.

Шаар мэри Нарын казыятында курулуп жаткан жаңы медресинин курулушчулары менен жана казыяттын коомчулук менен иштөө боюнча бөлүм башчысы менен жолугушуп алардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыкты.

Учурда медресенин курулуш иши кызуу жүрүп анда 30-40 жумушчу иштеп келет. Жаңы медресе 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап студенттерди кабыл ала баштайт.

Ошондой эле шаар мэри казыяттын аймагы жана борбордук мечиттин сырткы келбети жаңыртылып жатканына күбө болду.

    

                           

Добавить комментарий