Нарын Ком Сервисти телефонуӊузга жүктɵп, муниципалдык кɵйгɵйүӊүздү чечип алыӊыз!!!

Нарын шаарында муниципалдык мекемелер менен элдин ортосундагы маалымат алмашууну жакшыртуу максатында 2017-жылдын сентябрь айынан бери «Нарын Ком Сервис» мобилдик системасы иш алып барууда.

«Нарын Ком Сервис»-таза суу жана турмуш тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча жарандар аныктаган маселелерди чечүү үчүн мэрия жана муниципалдык кызматтарды бириктирген ыкчам жооп берүү системасы.

Нарын шаарынын бардык тургундары мэрияга же муниципалдык ишканаларга барып отурбай эле аталган мобилдик кызматтан пайдаланып, муниципалдык кɵйгɵйлɵрүн тез арада  чечип алышса болот.

Бул үчүн компьютер же смартфон аркылуу интернетке кирип, «Нарын Ком Сервис»  тиркемесин жүктɵп алуу керек. Андан кийин map.naryncity.kg сайтына катталып, ɵз логини жана паролу менен кирүүлɵрү зарыл. Мындан соӊ маселенин категориясын тандап, ачылган картадан тиешелүү обьектини таап, үстүнɵн бир жолу басуу керек. Ачылган «Информация об обьекте» кичи терезесинен «Добавление обращения» кнопкасын басабыз. Ачылган терезенин «Введите обращение» деген жерине билдирүүнүн текстин киргизебиз. Сүрɵттɵр бар болсо  сүрɵттү басуу менен сүрɵттɵрдү жүктɵйбүз да «Добавить» кнопкасын басабыз.

Ошол учурда картадан сиз кɵрсɵткɵн жерлер кызыл түскɵ боелот да, тиешелүү мекемелерге билдирүүӊүз автоматтык түрдɵ жиберилет.

Сиз кɵрсɵткɵн кɵйгɵйдүн үстүндɵ иштɵɵдɵ электрондук почтаӊызга иштин жүрүшү,  ошондой эле шаардагы ар кандай окуялар, жаӊылыктар тууралуу маалыматтар келип турат.

Мындан сырткары ɵзүӊүздүн электрондук почтаӊыз аркылуу мэриянын жана муниципалдык ишканалардын тɵмɵндɵгү электрондук почталарына билдирүү жиберип, жообун алсаӊыздар болот:

Нарын шаардык мэриясы-

[email protected],

[email protected]

«Таза Нарын» ишканасы-

[email protected]

Нарын суу канал ишканасы

[email protected]

Белгилей кетсек, аталган мобилдик тиркеме Ага Хан ɵнүктүрүү фондунун Тоолуу региондорду ɵнүктүрүү программасынын (MSDSP KG) колдоосу менен жүзɵгɵ ашкан Геоинформациялык технологиялар системасы (ГИС) долбоорунун алкагындагы кызматтардын бири.

Долбоордун кызматкери Мунира Калиеванын айтымында, 4 жылдан бери иш алып барып, учурда жыйынтыкталып аткан бул долбоор аркылуу Нарын шаарынын электрондук картасы толугу менен түзүлүп чыгып, шаардагы ар бир үй, имарат, үй-бүлɵ мүчɵсү тууралуу маалыматтар топтолгон. Жер алдындагы суу түтүктɵрүнɵн бери картага киргизилген.

ГИС долбоорунун максаты Нарын шаарындагы муниципалдык кызматтын сапатын жакшыртуу болуп саналат. Долбоорго «Таза Нарын» жана Нарын суу канал ишканалары тандалып алынып, жогорку сапаттагы жабдуулар менен жабдылган. Мындан сырткары Нарын шаардык мэриясынын расмий сайтын ачуу, Нарын суу канал ишканасынын кызматкерлерине атайын кийимдерди жана газанализаторлорду алып берүү, таштанды ташуучу автоунааларга ЖПС жабдууларын орнотуу, «Нарын ком сервис» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү сыяктуу бир катар баалуу иш аракеттер жүзɵгɵ ашкан. Алдыда ушул долбоорду максаттуу улантып, муниципалдык кызматтын сапатын жакшыртуу милдети турат.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

Добавить комментарий