“НАРЫН КЫШЫ-2020” СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШЫ

Бүгүн, 25-январда Нарын шаарынын Төш-Булак аймагында жайгашкан Төлөн Насырбеков атындагы канаттык- бугильдик лыжа базасында “Нарын кышы-2020” кышкы сезону чоң салтанат менен ачылды.

Ага, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын шаардык Кеңешинин депуттары, Нарын облустук тоо лыжа федерациясынын президенти Кубан Абас уулу, Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусунун коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Акылбек Чымырбаев, Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгын башчысы Асылбек Осмоналиев, Нарын шаардык жаштар иштери,дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Рысбек Касмалиев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, дал ушул спорттун сүйүүчүлөрү жана шаар тургундары катышты.

Ачылыш аземин Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров ачып, Нарын шаарында кышкы спорттун түрлөрү соңку мезгилде дүйнөлүк деңгээлге чыгып, өз жемишин акыркы жылдары көп берип жатканына, айрыкча, хоккей оюну менен шаарыбыздын мыкты ага-инилерден куралган “Нарын шумкарлары” командасы менен мактанса болоруна, Республикалык деңгээлде өзүнүн ордун таап, керек болсо эл аралык мелдештерде да мөрөй алууга жетишип келгендерине, ал эми мына бул канат-бугелдик жолдон да шаарыбыздын намысынын коргогон, мыкты чемпиондор чыгарына ишенерин айтты.

Канаттык-бугельдик лыжа базасынын тарыхына токтолуп, жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өтүп, 29 жылдан бери шаардыктарда кызмат кылып келе жаткан базага быйылкы жылы да бир катар иштер жасалганына токтолуп, жардамын аябаган Нарын облустук Тоо лыжа федерациясынын президенти Кубан Абас уулу менен БАУнин Нарын кампусунун башчысы Кубан Надырбековго Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин ыраазчылык каттарын тапшырды.

Андан соң, сөздү Өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго берди. Ачылыш аземге келген шаардык Кеңештин депуттары, шаардык мекеме жетекчилер ж.б. бир катар меймандар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Эске салсак, Нарын шаарынын балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин Төш-Булак аймагында жайгашкан Төлөн Насырбеков атындагы канат-бугелдик жолу 1991-жылы ишке берилген. Мында тоо лыжа бөлүмү окуу машыгуу сабактарын жүргүзүп келишет. Азыркы күндө  тоо лыжа бөлүмүндө 1 улук машыктыруучу, 2 машыктыруучу 82 машыгуучу менен иш алып барышат. Жыл сайын кышкы сезондо тоо лыжа спорту боюнча мелдештер өткөрүлүп, тоо лыжа бөлүмүнүн машыгуучулары республикалык, эл аралык мелдештерге катышып байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.

Ачылыш аземдин калган бөлүгү чана жарыш, аркан тартыш, чака чапмай сыяктуу спорттук мелдештер менен уланды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

 

Добавить комментарий