Нарын мамлекеттик университети бир катар даталуу күндɵргɵ карата илимий-практикалык конференция ɵткɵрдү

18-июнда Нарын шаарынын «Жаштар ордосунда»  «Улуттук экономиканы чыӊдоо жылына», Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына, Нарын мамлекеттик университеттин 19 жылдыгына жана Сатыбалды Нааматовдун 110 жылдыгына карата,  аталган жогорку окуу жай тарабынан «Евразиялык интеграциянын алкагында Кыргызстандын ɵнүгүшүнүн негизги багыттары» аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Бул иш чарага шаар мэри Р.Адиев да катышып, илимий конференциянын темасынын алкагында ɵзүнүн пикирин билдирип, атайын докладын окуду. Анда «Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды. Акыркы 2-3 жылдан бери кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, ар кандай пикирди жаратып келаткан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү маселеси акыры чечилип, ушул жылдын 8-майында Кыргызстан аталган биримдикке расмий кирди. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине улуттук кызыкчылыгын коргоп кошулду. Евразиялык интеграция долбоорун иш жүзүнɵ ашырууда кыргыз рыногунун орду маанилүү. Кыргызстандын географиялык абалы, гидроэнергетикалык ресурстары, тарыхый-маданий потенциалы бар. Бул евразиялык интеграция долбоорун ишке ашырууда уникалдуу мааниге ээ. Анча чоӊ эмес кɵлɵмүнɵ карабастан, кыргыз рыногунун Евразиялык экономикалык биримдикке биригүүсү «геосаясий мааниге ээ» — деген ойлор келтирилди.

 

Добавить комментарий