Нарын медициналык колледжи 70 жылдык мааракесин белгилɵɵдɵ

Бүгүн 25-сентябрда Нарын медициналык колледжи 70 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чара эртеӊ мененки саат 9-00 да колледждин имаратынын маӊдайына медициналык символдорду түшүндүргɵн стелланын жана саламаттыкты сактоо тармагын, Нарын медициналык колледжинин тарыхын, облусубуздун медицина тармагынын ɵнүгүшүн чагылдырган музейдин кызыл тасмасын кесүү аземи менен башталды. Бул саамалыкка облус, шаар жетекчилери катышып орто окуу жайдын ишине, жалпы эмгек жамаатына жана студенттерге мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Ага улай келген коноктор колледждин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, «Паллиативдик жардамдын негиздери» темасындагы конференцияга катышышты.

Ошондой эле саат 14-00 до мааракенин салтанаттуу бɵлүгү Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында улантылды. Анда медициналык колледж туурасында кыска метраждуу фильм кɵрсɵтүлүп, окуу жайдын жетекчиси Т.Арпачиева бул жылдар аралыгындагы колледждин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери, ийгиликтери туурасында маалымат берди.

КР Ѳкмɵтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн аппаратынын аппарат жетекчиси Ж.Дүйшеев, Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова, шаардын депутаттары, КР саламаттыкты сактоо министрлигинин ɵкүлү, окуу жайдын мурдакы жетекчилери жана башка келген коноктор маараке ээлерине куттуктоолорун айтып, жылуу каалоо тилектерин жолдошту.

Мындан сырткары Нарын медициналык колледжинин  70 жылдык мааракесинин урматына карата айрым алдыӊкы окутуучулар  Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш чара чоӊ программадагы концерт менен коштолду.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын медициналык колледжинин уюшулушу Улуу Ата Мекендик  согуштун  Жеӊиш менен бүткɵн жылына туш келгендиги менен маанилүү. Окуу жай 1945-жылы ачылып, орто билимдүү медициналык адистерди татыктуу даярдоодо, өлкөбүздүн жогорку жана орто окуу жайларынын арасында өзгөчө орун ээлейт. Учурда аталган орто окуу жайда алтымыш адамдан турган эмгек жамааты эмгектенип, анын ичинен кырк окутуучу 600дɵн ашык студенттерге 5 багытта (дарылоо иши, эмчи айымдык иш, акушерлик иш, стоматология, фармация) медициналык билим берип келет.

Добавить комментарий