Нарын мэриясы Улуу Жеӊиштин 69 жылдыгына карата иш-чара өткөрүүгө даярдык көрүүдө

Улуу Ата мекендик согуштагы Жеӊиштин 69 жылдыгын Нарын шаарында белгилɵɵ боюнча шаардык мэриянын буйругу менен иш чараларынын планы кабыл алынып, мекеме, ишканалар тарабынан аткарууга алынып, учурда даярдыктар кɵрүлүүдɵ.

Мэрия Нарын шаарындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын жана оруктун эмгекчилеринин санын, тизмесин тактоо, аларга бир жолку  жɵлɵкпулдун тɵлɵнүшүн камсыз кылуу, медициналык кɵзɵмɵлдү күчɵтүү, иш чара убагында коомдук коопсуздук чараларын кɵрүү жагын тиешелүү мекеме, ишканаларга тапшырды.

Ошондой эле иш планга ылайык, Жещиштин 69 жылдыгына карата спорттук мелдештерди, маданий массалык иш-чараларды уюштуруп ɵткɵрүү жана атайын бурч кɵргɵзмɵлɵрдү уюштуруу, Улуу Ата-Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери жашап турган үйлɵрдүн табличкаларын жаӊыртуу, үйлɵрүн, короо жайларын ирээтке келтирүү боюнча «тимуровчулар» топторун түзүү жана жеринен жардам кɵрсɵтүү,  Жеӊиштин 69 жылдыгына карата шаардын мерчемдүү жерлерине лозунг жаздырып, илдирүү боюнча иш аракеттер тиешелүү мекеме, ишканалар тарабынан кɵрүлүүдɵ.

Бүгүнкү күндɵ салтанаттуу митинг ɵтүлүүчү паркты тазалоо жана Улуу Ата-Мекендик согушка арналып, тургузулган эстеликтин айланасын тазалоо ирээтке келтирүү, сырдоо жана актоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Белгилей кетсек, иш планга ылайык салтанат Тянь-Шань» паркында 9-май күнү саат 10:00дө башталат.

Ал эми 9-май Жеӊиш күнүн уюштуруп ɵткɵрүүгɵ жергиликтүү бюджеттин эсебинен 62 миӊ сом акча каражаты бɵлүндү.

 

Добавить комментарий