«Нарын облусунда жашылчаларды өстүрүүнү өнүктүрүү» долбоору боюнча

MSDSP KG коомдук фонду (Ага Хан фондунун демилгеси) «Нарын облусунда жашылчаларды өстүрүүнү өнүктүрүү» деп аталган долбоорунун алкагында Төш-Булак айлында бир күнөскана курууга колдоо көрсөтүү максатында эң мыкты бизнес планды сунуштоого кызыкан фермерлерге конкурс жарыялайт. Бизнес планды түзүү формасын сиз www.naryncity.kg сайтынын «Долбоорлор» баракчасынан же болбосо MSDSP KG коомдук фондунун Нарын шаарындагы кеңсесинен ала аласыздар: С.Жакыпова №19 көчөсү, 3 этаж, 314 кабинет. Бизнес планды тапшыруу мөөнөтү 2016 жылдын «29» августунда саат 15:00 бүтөт.

Добавить комментарий