НАРЫН ОБЛУСУ БОЮНЧА MMA & PF ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ ШАЙЛАНГАНЫ АЙТЫЛДЫ

Бүгүн, 10-январда Нарын шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда Нарын облусу боюнча MMA & PF федерациясы түзүлүлүп, анын жаңы президенти болуп Нурлан Омукеев шайланганы айтылды.

Бул иш чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын шаардык Кеңешинин төрөгасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, MMA & PF федерациясынын Нарындагы президентти Нурлан Омукеев, шаардык кеңештин депуттары, Нарындан чыккан спортчулар Канат Келдибеков, Калмира Билимбек кызы, Улукбек Жолдошбеков жана алардын машыктыруучулары катышты.

Иш чарага келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана меймандар түзүлгөн федерациянын иштерине ийгилик каалап, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

«2019-жыл Нарын облусу үчүн спорт жаатында абдан жемиштүү жылдардан болду. Маселен, биздин агаларыбыздын бири Мелис Турганбаев ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болсо, Улукбек 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбекова көптөгөн мактоого арзыйт. “Тайсон” каймана аты бар Канат Келдибеков да Нарын шаарынын сыймыгы десек туура болор. Айтор, ушул улуу иштердин артында мыкты устаттар турарын да унутпайлы. Негизи, ар бир мамлекеттин эки учурда гана желеги желбиреп, гимни ырдалат. Алардын бири Президент иш сапары менен барганда, бири дал ушул спортчулар жеңишке жеткенде. Андыктан, Кыргызстандын, анын ичинде Нарындын желегин дүйнөгө желбиретип жаткан улан-кыздарыбызга алкышыбыз чексиз»-деди, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.

Сөзүнүн соңунда аты аталган спортчуларга Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин ыраазычылык каттарын тапшырды.

MMA & PF федерациясынын Нарын облусу боюнча президентти Нурлан Омукеев өз сөзүндө чемпиондорго ыраазычылыгын билдирип, аларга 70 миң сомдук сертификат тапшырды. Ж.о.э. ушул жылдын февраль айында MMA & PF федерациясынын спорт комплексинин пайдубалына капсула салынарын айтты.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий