Нарын ОИИБдин имаратынын жанына спорт комплекс курулат

Бүгүн, 22-апрелде Нарын  облустук ички иштер башкармалыгынын  тартип сакчылары үчүн курулуп жаткан спорт комплекстин капсуласы салынды.

Капсула салуу иш-чарасына КР ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Нурбай Касымбаев, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, өкмөттүн облустагы өкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев жана башкалар катышты.

Спорт жайын курууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн. Имаратты курууну ИИМдин алдындагы курулуш ишканасы өздөрү колго алышкан. Комплекстин ичи спорт зал, тир, бокс жана атайын машыгуу залы менен кошумчаланат.

 

Добавить комментарий