Нарын районунун Казан-Куйган айылынын окуучулары Нарын шаарында экскурссияда болду.

Казан-Куйган айылындагы Түгɵл уулу Усупбек атындагы орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлү Касымалиеванын айтымында, экскурссияга келген 6-класстын окуучулары мектеп боюнча «Жылдын мыкты классы» номинациясын жеӊип алышкан. Мектеп администрациясы мыкты класска белек катары Нарын шаарына эс алуу уюштуруп берген.

Балдар бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып, ата-энелери жана мугалимдери менен бирдикте шаардагы музей, галлерея, китепкана сыяктуу маданий жайларды кɵрүп, муз аянтында эс алышты. Ошондой эле Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун кабыл алуусунда болуп, кеӊири пикир алмашышты.

Жолугушуу учурунда балдар шаар мэрине ɵздɵрүн кызыктырган суроолорун узатып, бардыгына жооп ала алышты.

Эмилбек Алымкулов балдарга Нарын шаары, анда жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берип, аларды заман талабына ылайык билим алып, келечекте жакшы кесиптердин ээлери болууга үндɵдү. Жаӊы жылдык каалоо-тилеги менен бирге балдарга ɵзүнүн белектерин тапшырды.

Экскурссия кызыктуу болгонун айткан Эрбол Калыбек уулу: « Мага айрыкча ɵзүбүздүн айылыбыздан чыккан Эмил агайыбыз менен жолугушуу таасирдүү болду. Мен да агайдай болуп жакшы окуп, элге кызмат кылайын деген ойдо калдым. Жакшы кеӊештерин берди. Биз агабыз менен сыймыктанабыз»,-деген пикирин билдирди. Ал эми ушул эле класстын окуучусу Тамара Чойбаева бул күндү класстагы бардык балдар чыдамсыздык менен күтүшкɵнүн, экскурссияда эсте калаарлык эӊ кызыктуу кɵз ирмемдер  болгонун айтты.

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий