НАРЫН СУУ-КАНАЛ ИШКАНАСЫНА ЗАМАНБАП КЕҢСЕ КУРУЛУП, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Кечээ, 21-августта Нарын шаарында Нарын суу-канал ишканасынын жаңы кеңсеси ачылып, пайдаланууга берилди.

Курулуш иши Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүзɵгɵ ашты.

Бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков да күбө болуп, Нарын суу-канал ишканасынын жаңы кеңсесин көрүп чыкты. Ошондой эле таза суу жана канализация системасынун курулуш иши жүрүп жаткан обьетилерде болду.

Белгилей кетсек, долбоордун баштапкы инвестициясынын наркы 6,2 миллион еврону түзөт.

Долбоордун алкагында Нарын шаарында үч аймакта: Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵ, Московский жана Чоӊ Алыш аймактарында жалпы 8,2 километр таза суу, 4,2 километр канализация түтүктɵрү реконструкцияланууда. Курулуш ишинен сырткары инвестициянын эсебинен Нарын суу-канал ишканасына жаӊы кеӊсе салынып, лабораториясы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап техникалар жана шаймандар алынып берилди.

Курулуш иштери 2018-жылдын 29-июнунда башталып, 2019-жылдын декабрь айында аяктоо мөөнөтү белгиленген. Бирок курулуш фирмалары менен макулдашуунун негизинде жумуштар тездетилип, мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө долбоордун баштапкы этабынын жумуштары 90 пайызга аткарылды.

Мамлекет башчысы өлкө калкынын турмушуна тикелей тиешеси бар ушул сыяктуу социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазылык билдирди.

Ал региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселеси анын өзгөчө жеке көзөмөлүндө турганын жана президенттик ишмердигинин эң башкы артыкчылыктарынын бири экенин эске салды.

Добавить комментарий