Нарын суу-канал ишканасы водопровод жана канализация системаларын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга аракетин жумшайт

Шаардын калкына жана мекеме-ишканаларына 2015-жылдын 1-январына карата 1200,0 миӊ м3 таза суу берилип, 732,0 миӊ м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон ɵткɵрүлгɵн. Мындай маалыматты суу-канал ишканасынын жетекчиси, бүгүн 20-январда, 2014-жыл ичинде жүргүзгɵн иш аракеттеринин жыйынтыгы тууралуу ɵткɵрүлгɵн жыйында маалымдады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жыл ичинде суу берүүчү түтүкчɵлɵрдүн  жарылган 37 учуру катталып, анын баары оӊдоодон ɵткɵрүлүп, калыбына келтирилсе, суу алуучу колонкалар нормага ылайык эки жолудан учурдук оӊдоодон ɵткɵрүлүш керек болсо, 4-5 жолудан бузулуп, ремонт иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, канализация системасында болгон жарылууларды, тыгындарды калыбына келтирип, кудукчаларды тазалоо, капкактарын жабуу иштери алып барылды.

Планга ылайык, суу кудукчаларынын ичиндеги диаметри 15-25 мм, вентилдер алмашылды. Мекеменин карамагында жалпы кубаттуулугу 7,92 миӊ м3/суткалык үч суу алуучу жай бар, алар – «Ак-Бечел», «Теке-Секирик», «Батыш» жана кароосуз калган «Кирпичный» скважинасы.

Аталган суу алуучу жайлар толугу менен электр жарыгы, телефондор, конгуроолор, ɵрткɵ каршы жабдыктар, аптечкалар, сезонго жараша атаын кийимдер, инструменттер, фонариктер менен камсыз болуп, айлана-тегерегинин тазалыгы сакталып, кɵзɵмɵл иштери жүргүзүлүүдɵ.

Маалымат үчүн айтсак, шаарда таза сууну пайдаланган абоненттердин саны 8692, б.а. 26 600 адам, ал эми мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 225.

Ал эми мекеменин отчеттук жыйынына шаар мэри Р.Адиев, тиешелүү кызматкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышышты.

Добавить комментарий