Нарын чоӊ каналын оӊдоп-түздɵɵ иштери аяктоонун алдында

Нарын шаарынын РТС аймагындагы «Нарын-70» коктусунан түшкɵн кардын жана жамгырдын суулары куюлган Нарын чоӊ каналы оӊдолууда. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жалпы 348 миӊ 735 сомго 200 метр канал касылып, кɵчɵлɵргɵ кетүүчү тɵрт жолго кɵпүрɵ катары, диаметри 80 мм темир бетон түтүктɵрү жаткырылып, иштер аяктоонун алдында турат.

Белгилей кетсек, кеткен чыгымдын 235 миӊ 599 сому Агахан фондусунун колдоосу аркылуу каржыланып, 113 миӊ 136 сом Нарын шаардык мэриянын ɵздүк салымынан чыгымдалды.

Добавить комментарий