НАРЫН ШААРДЫК АК САКАЛДАР СОТУНУН ЖАҢЫ КУРАМЫ БЕКИТИЛДИ

Нарын шаардык Кеңешинин тарабынан  Нарын шаардык Аксакалдар сотунун жаңы курамы 4 жылдык мөөнөт менен бекитилип, атайын иш бөлмө менен камсыз болушуп, жеткиликтүу иш алып баруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилди.

 

Ак сакалдар сотунун мүчөлөрү  шаардык сотто, прокуратура, ички иштер бөлүмүнүн, шаардык соттун өкүлдөрү менен берге тегерек стол өткөрүп, шаарда болуп жаткан мыйзам бузууларга чек коюуда, биргелешип иш алып барууну талкуулашты.

 

КРнын Ак сакалдар соту жөнүндөгү мыйзамына ылайык Ак сакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин КРнын Конститутциясы, атайын мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар түзөт.

 

Ошондой эле ишинде оздөрүнүн абийирлерин, жеке ынанымдарын¸  кыргыз  үрп-адат, салт-санааларын  калптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ченемдерин жетекчиликке алышат

 

 

 

Добавить комментарий