Нарын шаардык казына бөлүмү

 

Нарын шаардык финансы жана Нарын регионалдык казына бөлүмдөрүнүн тарыхы жана жетишкендиктери.

 

Нарын шаардык финансы жана Нарын шаардык казына бөлүмдөрү 2005-жылы финансы министрлиги  тарабынан ачылып жалпысы 10 адам эмгектенип келген.   Ал эми  2010-жылы  Нарын облустук казына, Нарын  райондук казына жана Нарын шаардык  казына бөлүмдөрү  реорганизация болуп   2010-жылдын 1-январынан тартып Нарын шаардык финансы бөлүмү жана Нарын регионалдык казына бөлүмү болуп бириктирилген. Азыркы убакты жалпысына 27 адам эмгектенип жатат. Ошондой эле Нарын шаардык финансы жана Нарын  регионалдык казына бөлүмдөрүнүн  жетишкендиктери болуп  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономистинен бир адам, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин отличнигинен  сегиз  адам,  министрликтин грамотасы менен  үч  адам     сыйлангандыгын айтса болот.

Нарын шаардык финансы жана Нарын регионалдык казына бөлүмдөрү  Нарын шаардык жана Нарын облустук  мекеме ишканалардын  сметасын карап, республикадан түшкөн акча каражаттарынын тейленишине көзөмөл жүргүзүлөт. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышына контроль кылынып  тиешелүү жерлерге отчеттор жиберилип турат.

Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн аткарган ишинин   2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетинин түзүлүшү  боюнча кыскача маалымат:

 

 

Нарын шаардык жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн   2015-жылдын 12-айдын аткарылышы боюнча түшүндүрмө кат

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы 2015-жылдын 12 айына  карата  93232,1 миң сомду түзүп,  аткарылышы  95738,4 миң сом же болбосо 102,7% аткарылган же тактап айтканда 2506,3 миң сомго ашык аткарылган. 2014-жылдын 12 айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына салыштырмалуу өсүү темпи 118,9% түзгөн.

Ал эми салык жана салык эмес жыйымдардын төлөнүшү боюнча алып карасак төмөнкүдөй көрсөткүчтөр аткарылган:

Киреше  салыгы (подоходный налог) 2015-жыл үчүн бекитилген планы 34852,0 ал эми такталган  план 34052,0 миң сомду түзүп 2015-жылдын 12 айдын ичинде  35354,5 миң сом же 103,8 пайыз аткарылган,  башкача айтканда 1302,5 миң сомго көп аткарылган. Мунун себеби бюджеттен каржыланган  билим берүү, маданият, мамлекеттик кызмат, социалдык өнүктүрүү тармактарындагы кызматкерлердин  эмгек акылары өз убагында которулуп тургандыктан, салыктын түшүшү өз убагында аткарылган. Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  9.07.2015 жылдагы №473 токтомуна ылайык билим берүү  тармагындагы адистердин айлык акысы көбөйгөндүгүнө  байланыштуу  киреше салыгы ашыгы менен аткарылган.    Ал эми 2014-жылдын 12 айында такталган планы 30850,0 миң сом жана 2015-жылдын такталган планы 34052,0 миң сомду  түзгөн, пландын ортосундагы айырма  3202,0  миң сом болгон. Киреше салыгынын аткарылышы  2014-жылы   28134,4 миң сом,   2015 — жылда  35354,5 миң сомго аткарылып,  салыштырмалуу  7220,1  миң сом акча каражаты ашык аткарылган ,  өсүү темпи 125,7% түздү.

Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр 2015-жыл үчүн бекитилген план жана   такталган планы 430,0 миң сомду түзүп,  аткарылганы 678,6 миң сом же 157,8% түзгөн,  же башкача айтканда 248,6 миң сом жергиликтүү бюджетке ашык түштү. 2014-жылы аткарылганы 690,5 миң сом чогултулган 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 11,9 миң сомго аз тушкон. Себеби жеке ишкерлер патентке өтүп кеткенине байланыштуу  бул салыктын түшүшү азайган.

Патенттин негизиндеги салыктын  2015-жылдын 12-айына  бекитилген планы 7498,0 миң сомду түзүп, ал эми такталган планы 7498,0  миң сом болуп  экөөнүн ортосундагы айырма болгон эмес,   жыл ичинде аткарылышы  7880,9  же  105,1 % түзүп,  пландан 382,9 миң сомго ашык аткарылган.

Ал эми патенттин негизиндеги салыктын түрү менен алып карай турган болсок: Милдетүү түрдө алынуучу патент салыгы 2015-жыл үчүн бекитилген план 758,0 миң сом, жыл ичинде өзгөрүүлөр болбогондуктан такталган план да 758,0 миң сом аткарылышы 852,7 миң сомду түзүп 94,7 миң сомго ашык же 112,5% аткарылган.

Салыктын бул түрүнөн 2014-жылга салыштырмалуу 169,9 миң сомго ашык аткарылган же өсүү темпи 124,9%.

Ыктыярдуу түрдө алынуучу патент салыгы  2015-жыл үчүн бекитилген план 6740,0 миң сом, жыл ичинде өзгөрүүлөр болбогондуктан такталган план да 6740,0 миң сом аткарылышы 7028,2 миң сомду түзүп 104,3% же 288,2 миң сомго  ашык аткарылган.

Жалпысынан былтыркы  жылга салыштырып карай турган болсок 2014- жылдын 12 айына  аткарылганы  7153,4 миң сомду түзүп  2015-жылы аткарылышы  7880,9 миң сомду түзүп  салыштырмалуу  727,5  миң сом  ашык акча каражаты чогултулган, өсүү темпи 110,2% түзөт. Патенттин негизиндеги салыктык көбүрөөк аткарылышынын себеби жеке ишкерлердин көбөйүшү жана бирдиктүү салык төлөөчүлөрдүн патентке өтүшү менен түшүндүрүлөт.

Транспорт салыгы  бекитилген планы жана такталган планы 4000,0 миң сомду түзүп   жана  аткарылганы 4288,6 миң сом же 107,2% аткарылган  башкача айтканда 288,6  миң сомго көп аткарылган. Ал эми аткарылышы  2014-жылдын 12-айына 3975,8 мин сом, 2015-жылы  4288,6 мин сомду түзүп  312,8 мин сомго ашык аткарылган, өсүү темпи107,9%. Себеби Бишкекте катталган транспорт каражаттары Нарын шаардык салык бөлүмүнө төлөгөндүгүнө байланыштуу, мүлк салыгынын 4-группасынын негизинде көп түшкөн.

Кыймылсыз мүлк салыгы  боюнча 2015-жыл үчүн бекитилген план жана  такталган  сумма 1770,0 миң сом,   аткарылышы 2468,4 миң сом же 139,5% түздү, план 698,4 миң сомго ашык аткарылды. Аткарылышын карап көрсөк  2014-жылы  1838,0 миң сомду түзүп  2015-жылы  2468,4 миң сом аткарып  630,4 миң сом былтыркыдан көп аткарылган. Осуу темпи 134,3% тузгон

Жер салыгынын 2015-жылдын 12-айына карата бекитилген планы 2080,0 миң сом болуп,  такталган планы 2376,0   миң сомду түзүп айырмасы  296,0  миң сомго такталган планга көбүрөөк кошулган.  Аткарылганы 3096,6  миң болгон жана 720,6 сомго ашык аткарылган.Бул салыктын  түр-түрү менен алып карай турган болсок, «Огород ээлеринен алынуучу жер салыгы» такталган планы 280,0 миң сом, ал эми аткарылышы 671,1  миң сом, башкача айтканда 391,1 миң сомго көп аткарылган. Себеби жер салыгы 2015-жылы менчике өткөн жер участкаларынын негизинде ашыкча төлөм болгон.

«Айыл чарбасына бекитилбеген жер салыгынан» бекитилген планы 1800,0 миң сомду түзүп,такталган планы 2096,0 миң сомду түзүп, ал эми аткарылышы  2425,1 миң сомго же башкача айтканда 329,1 миң сом ашык аткарылган,  жалпысын алып караганда   130,3% аткарылган. Аткарылган планы 2014-жылы 1961,0  миң сомду түзүп  2015-жылы  2425,1 миң сомго аткарылып ортосундагы айырма 464,1 миң сом  быйылкы пландан ашык аткарылган, себеби жер салыгы боюнча жаңы кошулган жер салыгынын негизинде ашыкча төлөп салышкан.

Натыйжада, жер салыгынан 2015-жылы чогултулган акча каражаты  3096,6 миң сомду түзүп, ал эми 2014-жылга  2440,6  миң сомду түзүп салыштырмалуу  656,0  миң сомго акча каражаты ашык  чогултулган өсүү темпи 126,9%.

Сатуудан түшүүчү салыктын  2015-жыл үчүн  бекитилген планы 19900,5 миң сомду түзүп  такталган планы 23700,5 миң сомду түзгөн айырмасы 3800,0 миң сом такталган планга  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жөнгө салынган,  12 ай ичинде аткарылышы  24090,8  миң сом болду же тактап айтканда 390,3 миң сомго пландан ашык түшүп 101,6%  аткарылды. Өткөн жылга  салыштырмалуу алып карап көрсөк салык 2014-жылдын 12 айына  18799,2 миң сом, 2015-жылдын 12 айына 24090,8 миң сом  аткарылып,  бюджетке  5291,6 миң сомго ашык түшкөн. Себеби салык төлөөчүлөрдүн өзүлөрүнүн жүргүзгөн ишкердүүлүгүнүн негизинде отчетторуна ылайык өсүш берген өсүү темпи 128%.

Жыйымдар жана төлөмдөр бекитилген жана такталган планы 22,0 миң сом  болгон. Салыктын түрү боюнча негизинен  кээ бир эски салыктын классификациясы боюнча түшүрүлгөн салык жана салык эмес жыйымдар болду. План боюнча  22,0 миң сом болсо, аткарылганы  13,9  миң сом түзүп 8,1 миң сомго аткарылбай калган. Бул жыйымдын негизги бөлүгүн таштандыларды чыгаруу жыйымдары түзүп “Таза Нарын” ишканасынын атайын каражаттарына түшкөндүктөн  толук аткарылбай калган.

Арендалык төлөмдөрдүн  2015-жыл үчүн бекитилген планы 3500,0 миң сом болуп, такталган план 3500,0 миң сомду түзүп пландан айырма болгон эмес, аткарылышы 4545,0 миң сом, же 129,9% аткарылган, жергиликтүү бюджетке  1045,0 миң сом акча каражаты ашык түштү.  2014-жылдын 12 айына салыштырып  карасак  такталган планы 2100,0 миң сом  ал эми 2015-жылы  такталган планы 3500,0 миң сомду түзүп  пландын айырмасы  1400,0 миң сомго быйылкыга план көбөйтүлгөн.

Аткарылышын карасак  2014-жылы  2224,6 миң сом аткарылса,  2015-жылы 4545,0 миң сомго  аткарылып  2320,4 миң сомго ашык акча каражаты  чогултулган.   Бул жергиликтуу мунципалдык департаментинин ижарага берилүүчү обүектилерин тактап, жүргүзүп жаткан эффективдүү  иштеринин  негизинде жүзөгө ашырылгандыгын айтсак болот. 2014-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 2 эсени түздү.

Мамлекеттик пошлина боюнча  бекитилген план дагы такталган план дагы  3300,0 миң сом болуп, аткарылышы  1073,0 миң сом,  же  32,5% түздү.  2014-жылга салыштырып карасак  планы 3300,0 миң сом, аткарылганы 448,7 миң сом болуп 2851,3 миң сом аз  аткарылган.  Мунун  себеби калкка нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр аз болуп, жеке нотариалдык конторалар көп болгондуктан  эл жеке ноториалдык конторалардын кызматын көбүрөөк  колдонуп  2014- жылы да , 2015-

жылы да  план толбой калган. 2015-ж 12 айында  план 2227,0  миң сомго аткарылган эмес. Мунун негизги себеби болуп “Административдик төлөмдөр жана жыйымдар” мыйзамына кирген өзгөртүүлөргө ылайык “Мамлекеттик  пошлинаны” чегерүүлөрдү республикалык бюджеттен түшкөндөрү республикалык бюджетке, жергиликтүү бюджеттен түшкөнү жергиликтүү бюджетке  чегерилип жаткандыктан, бекитилген план аткарылбай калууда.

Айыптар, санкциялар, конфискациялар түшүүлөр боюнча 2015-бюджеттик жыл үчүн бекитилген план жана такталган пландын   320,0 миң сом болсо, аткарылганы  674,5 миң сомду түздү. Негизинен, пландын аткарылганы ар кандай административдик штраф, санкциялардан 584,4 миң сом, өзгөчө чоң өлчөмдөгү экономикалык кылмыштар  боюнча келтирилген зыяндын ордун толуктоодон 90,1 миң сом  каражаты түшкөн.  Жалпысынан алганда пландан 354,5 миң сом акча каражаты ашык түшкөн. 2014-жылы 12-айына   аткарылышы 2666,3 мин сомду түзгөн бул жерде да жогорудагы аталган мыйзамга ылайык чегерүүлөрдүн жүргүзүлүшүнүн негизинде 2014-жылга караганда 1991,8 миң сом  акча каражаты аз түшкөн.

      Атайын каражаттын  2015-жылга бекитилген план  10000,0 мин сомду түзүп тактоолордон кийин план 12063,6 миң сомду түзүп, бекитилген планга 2063,6 мин сомго Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн өтүнүч каттарынын негизинде  Финансы министрлиги тарабынан өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми аткарылышы  12840,0  миң сом  аткарылып, 2016-жылдын 1-январына карата 1621,6 миң сом казынанын транзиттик счетунда калдык катары турат.

2015-жылга атайын каражаттын планы берилген мекеме-ишканалар тарабынан толугу менен аткарылып керектөөлөрү 12063,6 миң сомду түздү.

 

 

 

Нарын шаарынын жергиликтүү  бюджетинин 2015-жылдын 12-айынын  чыгаша  бөлүгүнүн аткарылышы боюнча түшүндүрмө кат

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети 2015-жылга жергиликтүү Кеңештин ХХVI чакырылыштагы депуттарынын ХХ сессиясынын №7/2 токтомунун  киреше жана чыгаша бөлүктөрү 87872,5 миң сом түзүп, мунун ичинен салык жыйымдары- 70530,5 миң сом жана салык эмес жыйымдар 17342,0 миң сом өлчөмүндө бекитилген.

Ал  эми 2015-жылдын  12 айынын    бюджеттик жылда тактоолордон кийин такталган план 132009,5 миң сомду түздү.

Такталган планга анализ жүргүзө турган болсок, 12 ай ичинде өз ара эсептешүүлөрдүн негизинде республикалык бюджеттен жалпысы 36055,3 миң сом акча каражаты кошумча каржыланды, алар:

— Музыкалык мектептин кызматкерлеринин айлык акысына 7448,5 миң сом.

— Электр энергияга  (бийик тоолуу аймакта жашагандарга колдоо  көрсөтүү үчүн)-  5072,3  миң  сом.

— Жергиликтүү бюджеттин жылуулук энергия карызын жабууга- 23534,5 миң сом.

Мындан сырткары, 2015-жылдын 1- январына карата  калган калдыктын эсебиненан 2722,1 миң сом калдык планга киргизилди.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө болгон каржылоолор №1 таблицада чагылдырылат.

 

№1  Таблица

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж.12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарМамлекеттик башкаруу13914,020725,520504,618164,7220,998,8%Экономикалык чыгымдар11320,0     ТЖКЧ30146,539779,938048,634948,11331,396,6%Маданият       5914,06027,75984,25605,243,599,2%Билим беруу18774,052600,152121,548574,3478,699,1%Соц. Жардам7804,012876,312764,812761,1111,599,1%Баары87872,5132009,5129423,7120053,52185,898,3

 

Тармактарда болгон каржылоону анализдеп карап көрө турган болсок, каржылоону аткарууда касса менен такталган пландын ортосунда  айырма  2185,2  миң сомду түзгөн. Бул  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашык аткарылуусу менен түшүндүрүлөт. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө бекитилген план менен такталган пландын ортосундагы айырма  Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү  максатында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  «Башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдар” разделинен    Нарын шаардык Кеңештин бюджеттик комиссиясынын токтомдорунун негизинде каржылоо жүргүзүлгөн. (тиркеме тиркелет). Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн республикалык бюджеттен кошумча алынган акча каражаттары, жыл башында калган калдык 2722,1 миң сом акча каражаты да өз таасирин тийгизди.( тиркеме тиркелет)  Ал эми  атайын каражаттын планына  Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги  тарабынан  2063,6 миң сомго кошумча план берилген. Ал эми сеть штат боюнча штаттык бирдиктердин кошулуусу же кыскартуусу 2015-жылда болгон жок.

 

Тармактарда болгон каржылоону статьялык бөлүнүшүнө анализ

 

Мамлекеттик башкаруу тармагында

 

Мамлекеттик башкаруу тармагында  касса менен такталган пландын айырмасы 220,9  миң сомду түзгөн.

Сеть, штат боюнча айырмачылыктар жок, эмгек акылары болсо бюджетке ылайык каржыланууда. Эмгек акынын  факт боюнча  кассадан  көп  көрсөтүлүшү  айлык  акылар айдын  башында  каржылангандыгы  менен  түшүндүрүлөт.

 

Таблица №2

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж. 12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарЭмгек акы9563,19832,19786,19786,146,099,5%Соц. фондко чегерүү1414,11455,11450,61450,64,599,7%Командировкалык чыгым250,0280,0223,0209,657,079,6%Байланыш кызматы214,6224,6224,6222,9 100%Ижара төлөмү 220,0220,0220,0 %Транспорт чыгымдары582,0710,7666,1666,144,693,7%Ар кандай чыгымдар120,02308,22291,22726,417,099,3%Оңдоп-түзөө  иштери 558,7558,7558,7 %Ар кандай чарбалык чыгымдарды алууга540,0606,0586,0669,420,096,7%Сууга болгон  үчүн төлөм27,096,696,626,9 96,7%Электр энергияга болгон төлөм63,263,240,063,223,263,3%Жылуулук энергияга болгон төлөм 556,8556,8481,3 %Резервдик фонд870,0870,0861,5861,58,599,0%Атайын каражат 222,0222,0222,0 %Финансылык эмес активдер270,02721,52721,4  %Баары13914,020725,520504,618164,7220,998,8%       

 

Бекитилген пландан такталган планга болгон айырма 6811,5 миң сом. Мунун ичинен 269,6  миң сом акча каражаты 2015-жылдын  башындагы калган калдыктын эсебинен  сууга болгон карызы үчүн 69,6 мин сом,  2015 жылдын 19-мартындагы   Нарын шаардык Кеңешинен XXVI  чакырылыштагы кезектеги  XX сессиясынын №7/1 токтомуна ылайык жана  Нарын троллейбус ишканасына карыздарын жабуу үчүн  200,0 мин сом берилген.  Ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу максатында  «Башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдар» тармагынан  4565,4  миң сом берилген. Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы XXVII сессиясынын №6  токтомуна ылайык 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 510,0 миң сом которулган.  (тиркемелери  тиркелет). Жылуулук энергияга болгон төлөм үчүн республикалык бюджеттен 556,8 миң сом кошумча каржыланып  берилген.

Такталган план менен кассанын ортосундагы айырма 220,9 миң сомду түзгөн, айлык акыдан 46,0 миң сом, социалдык чегерүүлөргө 4,5 миң сом жыл ичинде үнөмдөлгөндүгүн айтсак болот жана командировкалык чыгым 57,0 миң сом, транспорттук чыгым  44,6 миң сом, ар кандай чыгымдарга 17,0 миң сом, чарбалык буюмдар чыгымына 20,0 миң сом, резервдик фондго 8,5 миң сом  жыл ичинде жалпы кеткен чыгымдарына жараша алынгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Ал эми кассалык чыгым  менен фактынын айырмасы   2312,8 миң сомго аз  болгон, мунун себеби жыл башындагы  калган кредитордук карыздары толугу менен жабылып жана финансылык активдер эмес чыгымдарга алынган мебель, компьютер  ж.б  фактылык чыгымдарга  коюлбагандыгы менен түшүндүрүлөт. Командировкалык чыгым факт кассадан  13,4 миң сом  жана  суу кызматына  69,6  миң сом, байланыш кызматына 1,7 миң сом, ар кандай чыгымдарга 435,2 миң сом, жылуулук энергия 75,5 мин сом  аз аткарылгандыгынын  себеби  мурунку 2014 жылга болгон   карызын  төлөнүп берилгендиги менен түшүндүрүлөт. Ал эми электр энергияга  23,2 миң сом  көбүрөөк  болгонунун себеби  Нарын шаардык Мэриясы жана Нарын шаардык Кеңеши  Нарын райондук администрациясында аренда да болуп атк-сверка менен такташканда бул сумма келип чыккан.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча  мамлекеттик башкаруу тармагынын кредитордук карыздары төмөнкүдөй:

Электроэнергиясына    66,0 миң сом,

Жылуулукка                  133,2  миң сомду түзгөн бул декабрь айынын аягына чейин жагылгандыгын билдирет.

 

 

 

Турак жай коммуналдык чарбасы

 

Таблица №3

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж. 12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарЭмгек акы1896,22066,62066,52062,60,1100%Соц. фондко чегерүү275,8305,4305,4305,4 100%Командировкалык чыгым30,020,320,320,3 100%Байланыш кызматы15,011,011,09,6 100%Транспорт чыгымдары25,021,021,021,0 100%Ар кандай чыгымдар24479,532427,130737,528744,51289,696%Ар кандай чарбалык чыгымдарды алууга25,010,010,010,0 100%Социалдык льгота20,020,0  20,0%Электр энергия үчүн төлөм80,080,058,480,921,073,0%Социалдык льгота      Резервдик фонд      Атайын каражат3100,04066,84066,83693,8 100%Финансылык эмес активдер200,0751,7751,7  100%Баары30146,539779,738048,634948,11331,396,6%       

 

 

Бекитилген пландан такталган пландын айырмасы 9633,2  миң сом, бул айырма жыл  боюнча кошумча каржылоолор жана тактоолор менен түшүндүрүлөт. Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү  максатында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  «Башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдар” разделинен  4845,2 миң сом акча каражаты берилген. Ошондой эле    2015-жылдын  башындагы калган калдыктын эсебинен  500,0 миң сом  2015 жылдын 19-мартындагы   Нарын шаардык Кеңешинен XXVI  чакырылыштагы кезектеги  XX сессиясынын №7/1 токтомуна ылайык Нарын шаардык муниципиалдык мекемесине  салык жана салык эмес жыйымдарды чогултууга келишимдин негизинде 3 (үч) штаттык бирдиги үчүн айлык акыга каржыланган.  Андан тышкары  Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы XXVII сессиясынын №6  токтомуна ылайык 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 420,0 миң сом берилген.  Ал эми атайын каражатына 966,8 мин сом кошумча план берилгендигинин себеби турак жай коммуналдык чарбасына  Нарын шаарынын  Ленин көчөсүнүн  светофорлорун  алмаштырууга үчүн толукталган. Бул каржылоолор Нарын шаардык Кеңештин бюджеттик комиссиясынын токтомдорунун негизинде  жүргүзүлдү жана тиркемелери толук тиркелди. Финансылык эмес активдерге планга 551,7 миң сом кошумча каралган. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн такталган планынын көбөйүшүнө байланыштуу, 1271,8 миң сом кошумча план берилген. Турак жай коммуналдык чарбасында  такталган  пландан  кассалык  чыгым 1731,1  миң сомго аз аткарылды,  себеби ар кандай чыгымдардан 1289,6 миң сом 2015 жыл үчүн жалпы аткарылган чыгымдары азыраак болуп бул сумма үнөмдөлгөн.  Социалдык женилдиктер чыгымынан 20,0 миң сом толугу менен алынган эмес.

Ал эми кассалык чыгым  менен фактынын  айырмасы   2155,0 миң сомго аз  болгон, мунун себеби жыл башындагы  кредитордук карыздары жабылганы үчүн жана финансылык эмес активдер чыгымдарынан алынган мебель, машина ж.б  фактыга коюлбагандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле  байланыш  кызматына 8,0 миң сом,  ар кандай чыгымдарга 1993,0 миң сом,  атайын каражаттан 373,0 миң сом кассадан факт аз болгондугунун себеби 2014 жылга болгон   карызын  төлөнүп берилгендиги менен түшүндүрүлөт. Ал эми электр энергияга 22,5 миң сом  акт-сверканын негизинде карыз болгон.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча турак жай коммуналдык чарбасы

тармагынын кредитордук карызы  электроэнергиясына  Мамлекеттик Муниципиалдык Департаментине  22,5  миң сомду түздү.

 

 

Маданият   тармагы

Таблица №4

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж. 12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарЭмгек акы4080,04094,84092,84092,92,0100%Соц. фондко чегерүү680,3674,3653,0661,021,396,8%Командировкалык чыгым40,049,739,937,99,880,3%Байланыш кызматы14,314,310,28,04,171,3%Ижара төлөмү5,05,05,05,0 100%Ар кандай чыгымдар426,0426,0424,0428,92,0100%Оңдоп-түзөө  иштери75,0173,4173,4173,4 100%Ар кандай чарбалык чыгымдарды алууга82,0112,6108,395,6  4,3 96,2%Электр энергия үчүн төлөм33,752,152,171,2 100%Жылуулук энергияга болгон төлөм 24,824,824,8 100%Атайын каражат60,014,014,06,5 100%Финансылык эмес активдер417,0386,7386,7  100%Баары5914,06027,75984,25605,243,599,2%       

 

Маданият тармагында бекитилген пландан  такталган пландын ортосунда 113,7 миң сом айырма. Ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу максатында  «Башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдар» 98,4 миң сом, жылуулук энергия болгон төлөм үчүн 24,8 миң сом республикалык бюджеттен каржыланган.  Кассалык аткарылыш такталган планга 43,5  миң сомго аз   аткарылган себеби айлык акыдан 20,0 миң сом, социалдык чегерүүдөн 21,3 миң сом, командировкалык чыгымдан 9,8 миң сом,  ар кандай  чарбалык чыгымдарды алууга 4,3 миң сом  жыл ичинде болгон үнөмдөөлөр менен түшүндүрсөк болот.

Факт менен кассанын ортосундагы  аз болгон айырманы алсак  камондировкалык чыгымга 2,0 миң сом  байланыш  кызматына 2,2 миң сом,  ар кандай чарбалык чыгымдарды  алууга  12,7 миң сом,   2014 жылга болгон   карызын  төлөнүп берилгендиги менен түшүндүрүлөт. Ал эми электр энергияга 17,9 миң сом  акт-сверканын негизинде карыз болгон, ар кандай чыгымдарга  4,9 миң сом аткарылган иштери көбүрөөк болгондугунан келип чыккан.

Сеть, штат боюнча эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок.

         Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маданият  тармагынын кредитордук карызы төмөнкүдөй:

Электроэнергиясына    17,9 миң сом

Жылуулукка                  9,4  миң сомду түздү.

 

Билим берүү тармагында

Таблица №5

 

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж. 12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарЭмгек акы552,86928,76746,16643,9182,697,4%Соц. фондко чегерүү95,41168,01136,41139,631,697,3%Командировкалык чыгым173,0121,6121,1121,00,599,6%Байланыш кызматы73,084,266,466,217,878,9%Ижара төлөмү66,038,738,738,7 100%Ар кандай чыгымдар942,01789,71789,61887,60,1100%Дары дармек алууга133,0133,0133,0127,6 100%Тамак-аш алууга3890,03890,03889,93889,90,1100%Оңдоп-түзөө  иштери470,0970,0970,0970,0 100%Ар кандай чарбалык чыгымдарды алууга362,0363,7363,7379,8 100%Көмүр алууга260,0240,0240,0245,2 100%Суу кызматы үчүн төлөм2268,84147,74143,92265,03,899,9%Электр энергия үчүн төлөм1623,01504,41262,51449,6241,983,9%Жылуулук энергия1000,023952,923952,922068,7 100%Резервный фонд 8,08,08,0 100%Атайын каражат6840,06753,76753,57273,50,2100%Финансылык эмес активдер25,0505,8505,8  100%Баары18774,052600,152121,548574,3478,699,1%       

 

 

Билим берүү тармагында бекитилген план 18774,0  миң сом, 2015- жылдын жыйынтыгы менен  толуктоо тактоолордон кийин 52600,1 миң сомду түздү. Бекитилген пландан такталган пландын ортосундагы айырма сумма 33826,1  миң сомду түздү. Мунун негизги себеби:

— музыкалык мектептин айлык маянасы жана соц.фонд  үчүн 7448,5 миң сом;

— жылуулук энергиясы үчүн- 22952,9

— экономикалык чыгымдар разделинен  1186,0  миң сом акча каражаты ;

— жылдын башындагы калдыктын эсебинен   билим берүү тармагынын  сууга болгон карыздарын жабуу үчүн  2015 жылдын 19-мартындагы   Нарын шаардык Кеңешинен XXVI  чакырылыштагы кезектеги  XX сессиясынын №7/1  токтомунун   негизинде  1878,9  миң сом  каржылоо жүргүзүлдү.

— Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы XXVII сессиясынын №6  токтомуна ылайык 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 50,0 миң сом каржыланган.

—  Нарын шаардык Мэриясынын №50 21.12.2015 жылдагы буйругу менен резервный фондго  8,0 миң сом бөлүнгөн.

Такталган планга кассалык аткарылыш 478,6  миң сомду түздү. Тактап айтсак  айлык акыдан 182,6, социалдык чегерүүлөргө 31,6 миң сом  жыл ичинде үнөмдөлгөндүгүн айтсак болот.

Ал эми кассалык чыгым  менен фактынын айырмасы   3547,2 миң сомго аз  болгон, мунун себеби жыл башындагы  калган кредитордук карыздары толугу менен жабылып жана финансылык активдер эмес чыгымдарга алынган мебель, компьютер  ж.б  фактылык чыгымдарга  коюлбагандыгы менен түшүндүрүлөт.  Тактап айтсак айлык акыга болгон  чыгым факт кассадан  102,2 миң сом, дары дармектер чыгымдарына 5,4 миң сом билим берүү тармагынан үнөмдөлгөн  акча каражаты болуп эсептелинет. Суу кызматына  1878,9  миң сом жана  жылуулук кызматына  1884,2 миң сом аз аткарылгандыгынын  себеби  мурунку 2014 жылга болгон   карызын  төлөнүп берилгендиги үчүн 2015-жылдын фактасына көргөзүлбөгүндүгү менен түшүндүрүлөт. Ал эми электр энергияга  жалпы билим берүү тармагынан 187,1  миң сом  көбүрөөк  болгон себеби  атк-сверка менен такташканда бул сумма келип чыккан жана  кандай чарбалык чыгымдарды  алууга  16,1 миң сом, ар кандай чыгымдарга 98,0 миң сом, атайын каражаттан 520,0 миң сом  көбүрөөк болгонунун себеби аткарылган  жумуштарынын негизинде келип чыккан.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча билим берүү тармагынын кредитордук карыздары төмөнкүдөй:

Электроэнергиясына  —  687,3 миң сом

Жылуулукка     энергиясы үчүн — 7360,3  миң сом

Байланыш үчүн  5,7 миң сомду түзгөн бул декабрь айынын  аягына чейин жагылгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Жылуулук кызматы боюнча 2009-2010 – от жагуу сезонунда 8 мектеп электр от казанынан жылуулук берүү ишканасына өткөрулуп берилген, бирок жергиликтүү бюджетте акча каражатынын тартыштыгы  кредитордук карыздын  көбөйүшүнө алып келүүдө.

 

 

 

Социалдык жардам

Таблица №6

Статьялардын аталышы2015-ж. 12 айга бекитилген план2015-ж. 12 айга  такталган планКассалык аткарылышыФакт боюнча аткарылышыТакталган план менен кассалыкайырма% аткарЭмгек акы5561,25561,25561,25561,2 100%Соц. фондко чегерүү840,1840,1818,6818,621,597,4%Командировкалык чыгым45,045,043,943,91,197,6%Байланыш кызматы41,041,024,233,916,859,0%Ар кандай чыгымдар22,522,519,719,82,887,6%Ар кандай чарбалык чыгымдарды алууга65,065,065,063,1 100%Суу кызматы үчүн төлөм2,02,02,02,0 100%Электр энергия үчүн төлөм124,2124,299,995,724,380,4%Социалдык льгота1103,06175,36130,36130,245,099,3%Баары7804,012876,312764,812768,4111,599,1

 

Бекитилген пландан такталган пландын айырмасы 5072,3 миң сомду түзгөн,  бул айырма электр энергия үчүн 50% компенсацияга 5072,3 мин сом  кошумча алынган акча каражаты менен түшүндүрүлөт.

Такталган план менен кассалык чыгымдын ортосундагы  111,5 миң сом  айырма болгон, бул  социалдык чегерүүлөргө 21,5 миң сом,командировкалык чыгым 1,1 миң сом,  ар кандай чыгымдарга 2,8 миң сом үнөмдөлгөн.

Факт менен кассанын айырмасы   байланыш кызматына 9,7 миң сом жана ар кандай чыгымдарга 1,9 миң сом  аз болгондугунун себеби  2014-жылга болгон карыздары  төлүнүп 2015-жылдын фактысына көрсөтүлгөн.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча билим берүү тармагынын кредитордук карыздары төмөнкүдөй:

Электроэнергиясына    22,6 миң сом

Штаттык бирдиктер боюнча өзгөрүүлөр болгон жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2016-жылда бекитилиши боюнча түшүндүрмө кат

 

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ

 

Нарын шаарынын жергиликтуу бюджетинин 2016-бюджеттик жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн  бекитилген  планы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XXX сессиясынын 23-март 2016-жыл №2/2 токтомуна ылайык  102 125,7 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Ал эми  2017-жылга 109 498,7 миң сом 2018-жылга 120 264,7  миң сом өлчөмүндө бекитилди

Киреше  салыгына   (подоход  налогу)   2016-жылга бекитилген план 41096,0  миң сом  2015-жылда бекитилген планы 34852,0 мин сом болгон ал эми  аткарылганы 35354,5 миң сомду түзүп,  башкача айтканда 2015-жылга салыштырмалуу план 6244,0   миң сомго көбөйтүлүп берилген. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун  Нарын шаары боюнча башкармалыгынын  20.01.2016-жылдагы №09/110 катындагы  жазылган  претензиясында  2016-жылга  мекеме ишканалардын айлык акылары  көбөйүүсү болжолдонбогондуктан  киреше салыгы 37950,0 миң сом түшөөрү болжонулуп  планга  3146,0 миң сом ашыгы менен берилген

  Кичи ишкелердин субүектисинен алынуучу бирдиктуу салык  2016-жыл үчүн бекитилген планы 590,0 миң сомду түзүп,   2015-жыл үчүн бекитилген планы 430,0 миң сом болуп  факт боюнча аткарылганы 678,6 миң сом 2015-жылга салыштырмалуу  план 160,0 миң сомго көбөйтүлүп берилген  себеби жеке ишкерлер  көбөйгөндүгү менен түшүндүрүлөт.

        Патенттин негизиндеги салык бекитилген планы 2016-жыл үчүн 7982,0 миң сом  болуп  мунун ичинен 782,0 миң сому милдеттүү патенттин негизги салыгы, ал эми  7200,0 миң сому ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты  түзгөн, ал эми патенттин негизиндеги салык   2015-жылы  аткарылышы  7880,9 миң сомду түзгөн.  Салыштырып карай турган болсок  2015-жыл бекитилип берилген план 7498,0 миң сом болуп,  2016-жылы  7982,0 миң сом каралып  484,0 миң сом  планга көбүрөөк каралган.  Себеби бул салыктын түрү 2015-жылы пландан  382,9 миң сом ашыгы менен аткарылып,  2016-жылга бекитилип берилген  план аткарылуусу   күтүлүүдө.

Кыймылсыз мүлк  салыгына   2016-жыл үчүн тактап айтканда “2-топтогу ишкердик  иши  үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлк салыгына”  бекитилген планына 1888,4 миң сом каралган.  Ал эми  2015-жылга салыштырсак  бекитилген планы 1770,0 миң сомду түзүп,  2016-жылга планга  118,4 миң сом  ашык каралган. Ал эми  2015-жылдын  аткарылышы  2468,4 миң сом  болуп 698,4 миң сом бюджетке ашыгы менен түшүрүлгөн.

         Транспорттук каражаттардын  салыгы  2016-жылга  бекитилген план 3984,5 миң сом каралып,   2015-жылга салыштырмалуу  бекитилген план 4000,0 миң сом болуп, 2016-жылдын планына  15,5 миң сомго азайтылып берилген, 2015-жылдын  факт боюнча аткарылышы 4288,6 миң сомду түзүп пландан 288,6 миң сом ашыгы менен аткарылган  себеби транспорт салыгынын ашыгы менен аткарылышы жалпы республикалык масштабдагы транспорт каражаттарынын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.

Жер салыгы   жалпысынын 2016-жылга бекитилген планы 2080,0 мин  сом каралган, ал эми    түр-түрү  менен алып карай турган болсок «Короо  жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүчн жер салыгына» 280,0 мин сомго,  «Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгына» 1800,0 мин сом бекитилген.  Аткарылышын алып карай турган болсок 2015-жылы 3096,6 миң сом түзүп, пландан  ашыгы менен  720,6 миң сом же 130,3 % түзгөн. Натыйжада 2015-жыл менен 2016-жылга  салыштырмалуу   планда  өзгөртүлгөн эмес.

            Сатуудан  алынуучу  салык  боюнча    2016-жылга 27677,0 миң бекитилип берилип   2015-жылга  салыштырып карай турган болсок бекитилген план  19900,5 миң сомду түзүп 2016-жылга бекитилген план  7777,0 миң сом   ашыгы менен берилген.  Ал эми  2015- жылы ичиндеги тактоолордон  кийин  план 23700,5  мин сомду  тузуп аткарылышы 24078,1  мин сом түзгөн.   Мамлекеттик салык кызматынын  Нарын облусунун  Нарын шаары боюнча башкармалыгынын  18.03.2016-жылдагы   №09/4414-1 катындагы  жазылган  претензиясында  Кыргыз Республикасынын  салык  кодексинин  319 беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык 2016-жылдын 1-июль айынан баштап мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктын көлөмү болжолдуу 8831,9 миң сом аз түшүүсү күтүлүүдө.  Себеби жогоруда көрсөтүлгөн  мыйзам 2016-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирип жана чарбалык субьектер тарабынан  нак акчалай түрүндө төлөм жүргүзбөгөн учурда салыктын ставкасы  0 %  түзгөндүктөн бюджетке өндүрүлүүчү салыктын суммасы кыскартууга алып келгендиктен 8831,9 миң сом аз түшүүсү күтүлүүдө.    (каты тиркелет)

Ар кандай  жыйымдар жана төлөмдөр  бул салыктын   турунө таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымга   2016-жылга планга  22,0 мин сом каралган.

Рояльти   боюнча   Нарын шаарынын  кирешесине күйүүчү пайдалуу кендер, мунай салыгы   2016-жылы  жаны киргизилип   планга 35,8 миң сом бекитилип берилген.     Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун  Нарын шаары боюнча башкармалыгынын  20.01.2016-жылдагы №09/110 катындагы  жазылган  претензиясында  2016-жылы  рояльти салыгын төлөөчүлөр каттодон өтпөгөндүктөн жана салык базалары көбөйүп 2016-жылга болжол менен 13,0 миң сом түшүүсү күтүлүп,  2016-жылдын планынан 22,8 мин сом  ашыгы менен берилген.    

Арендалык  толомдор         «Муниципиалдык менчикте турган жайлардын,  имараттардын  жана курулмалардын ижара акысы» салыгына 2016-жылга   план    2950,0 миң сом бекитилип берилген.   2015-жыл  менен анализдеп карай турган болсок   бекитилген планы 3500,0  миң сомду тузуп,  аткарылышы 4537,3  мин сом, же  129,6  %  га түзгөн,  башкача айтканда   жергиликтүү бюджетке   1037,3  мин сом акча каражаты  ашык аткарылган.   Ал эми  2016-жылга бул салыктын түрүнө  план 550,0 миң сом аз каралган.

Мамлекеттик алымдар салыгына тактап айтканда  «Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алымдар » үчүн бекитилген план  2016-жыл үчүн  3300,0миң сом каралган 2015-жылга салыштырып карай турган болсок пландан эч айырма болгон эмес. Тактап айтканда бекитилген планга 3300,0 миң сом болуп,  аткарылышы 1073,0 мин сом, же 32,5 % пайызды тузуп пландан  2227,0  мин сомго  аткарылган эмес.  Мунун  себеби калкка нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр аз болуп,  жеке нотариалдык конторалар көп болгондуктан  эл жеке ноториалдык конторалардын кызматын көбүрөөк  колдонуп  2014- жылы да , 2015- жылы да  план толбой калган. Ошондой эле  “Административдик төлөмдөр жана жыйымдар” мыйзамына кирген өзгөртүүлөргө ылайык “Мамлекеттик  алымдар  салыгына ” чегерүүлөрдү республикалык бюджеттен түшкөндөрү республикалык бюджетке, жергиликтүү бюджеттен түшкөнү жергиликтүү бюджетке  чегерилип жаткандыктан, бекитилген план аткарылбай калууда.

Айыптар, санкциялар, конфискациялар 2016-жыл үчүн 320,0 миң сом бекитилип берилип  2015- жыл  салыштырмалуу пландан айырма болгон эмес. Ал эми  аткарылганы  674,5 миң сомду түзүп пландан  354,5 миң сом ашык аткарылган. Пландын ашык аткарылгандыгынын себеби  ар кандай административдик  айыптар жана санкциялардан 264,4  миң сом, экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун  толуктоодон 90,1 миң сом  каражаты түшкөн.

Атайын каражаттын же  акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн  планына  2016-жыл үчүн планы 10000,0 мин сом каралып,  2015-жылга салыштырып карай турган болсок пландан айырма болгон эмес, ал эми 2015-жылдын   12840,0 миң сомду түзгөн. Бул  жыл ичинде мекеме ишканалардын атайын каражатты чогултууда болгон аракеттери менен шартталган. Ошондой эле 2016-жылы дагы  акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн  пландан ашыгы менен түшүүсү күтүлүүдө.

 

 

 

 

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети 2016-жылга карата чыгаша бөлүгү  Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XXX сессиясынын 23-март 2016-жыл №2/2 токтомуна ылайык  102 125,7 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө болгон каржылоолор №1 таблицада чагылдырылат.

 

Таблица

АталышыIIIIIIIVбаарыМамлекеттик башкаруу3120,94118,34166,73362,114768,0Экономикалык чыгымдар2395,62608,74376,32119,411500,0ТЖКЧ7458,711512,711489,911006,641467,9Маданият1404,71636,31763,81323,06127,8Билим беруу5420,24667,85338,34451,919878,2Соц. Жардам1579,02225,8      2485,92093,18383,8Баары21379,126769,629620,924356,1102125,7

 

 

Тармактарда болгон каржылоонун планын карап карап көрө турган болсок ,   2016-жылга  «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө» жана « Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы- экономикалык негиздери жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,   бюджеттик мекеме ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция » боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен Нарын шаардык Кеңешинин  XXVI чакырылыштагы XXX сессиясынын 23-март 2016-жыл №2/2 токтомуна ылайык   жергиликтүү бюджеттен  гана каржылануучу  мекеме ишканаларына  акча каражаты бөлүштүрүлдү.

Ар бир тармактын  жалпы жергиликтүү бюджеттеги пайыздык үлүшү төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн. Мамлекеттик башкаруу 18,7  %,  экономикалык чыгымдар  16,0 %,  турак – жай коммуналдык  чарба тармагына  46,4 %,  маданият 8,2 %, билим берүү 17,6 %,  социалдык өнүгүү тармагына  10,0 %  бөлүштүрүлгөн.

 

ТАРМАКТАРДА БОЛГОН  КАРЖЫЛООНУ СТАТЬЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮНӨ АНАЛИЗ

Мамлекеттик башкаруу тармагында

 

АталышыIIIIIIIVбаарыЭмгек акы2095,82627,32908,02396,510027,6Соц. фондко чегеруу309,8388,3429,8354,11482,0Командировкалык чыгым63,370,278,358,2270,0Коммуналдык кызматтар:     Суу кызматы 7,48,212,828,4— Электр энергиясына толом 25,329,045,7100,0-Байланыш49,759,766,753,9230,0Транспорттук чыгымдар148,5144,1159,597,9550,0Имарат менен жайларды оңдоо     ар кандай чарбачылык каражаттарды алууга142,9150,8168,2118,1580,0ар кандай чыгымдар64,3183,82922,9300,0Резервный фонд246,6261,4290,070,71000,0Эмерек кеңсеге  алууга 200,0  200,0Баары3120,94118,34166,73362,114768,0

 

 

Мамлекеттик  башкаруу тармагында Нарын шаардык Мэриясы жана Нарын шаардык  Кеңеши  каржыланат. Таблицада көрүнүп тургандай  каражаттын 70%  эмгек акы жана социалдык фондго  чегерүүлөрдү түзөт. Кыргыз Республикасынын «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» 2004-жылдын 26-августундагы №165 мыйзамына 28-беренесине ылайык Нарын шаардык Мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин  кызматкерлеринин эмгек маяналарына коумча 25 пайыз кошулуп берилди. Коммуналдык чыгымдар боюнча суу кызматына, электр энергиясына, телефонго лимит расчетторуна ылайык акча каражаттары бөлүнүп берилди.  Ал эми   транспортту кармоого, командировкалык чыгымдар жана башка статьяларга да Кыргыз Республикасынын бюджеттик нормативдердин  негизинде акча каражаттары каралган. Ошондой эле «Кыргыз  Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын 1 пайызга чейинки 10000,0 миң сом рерервдик фонду түздү, мунун ичинен 300,0 миң сом Нарын шаардык Кеңешине бекитилди.

 

                             Турак жай коммуналдык чарбасы

Таблица

 

АталышыIIIIIIIVбаарыЭмгек акы516,6604,5669,1517,22307,4Соц. фондко чегеруу89,189,498,963,8341,2Командировкалык чыгым 14,28,77,130,0Коммуналдык кызматтар:17,0   100,0Суу кызматы     — Электр энергиясына толом16,012,217,414,460,0-Байланыш1,013,611,613,840,0Транспорттук чыгымдар 7,04,43,615,0Имарат менен жайларды оңдоо     ар кандай чарбачылык каражаттарды алууга 12,87,86,427,0ар кандай чыгымдар5808,78837,89782,39303,533732,3Ритуалдык кызматтар2,35,25,86,720,0Эмерек кеңсеге  алууга 1245,0  1245,0Атайын каражат1025,0671,0883,91070,13650,0Баары7458,711512,711489,911006,641467,9

 

 

Турак жай коммуналдык чарбасында  Нарын шаардык  муниципиалдык  «Таза-Нарын»  ишканасы,  жашылдандыруу мекемеси жана  Нарын муниципиалдык менчик департаменти кирет. Мекемелердин штаттык бирдиктери жана эмгек акылары Нарын шаардык Кеңеши менен  макулдашылып Нарын шаардык  мэриясы тарабынан бекитилди.    Бул  тармакты карай турган болсок  жумушчулардын айлык акысы жана социалдык чегерүүлөргө жумшалып, андан тышкары  бул  ишканалардын баардыгы Нарын шаарынын  ички инфраструктурасын жакшыртуу максатында  ар кандай долбоорлорду  ишке ашыруу жана  өнүктүрүү   үчүн  иш алып барышат.  Негизги чыгымдардан болуп  шаардын ичиндеги мусорлорду чыгаруу, шаардын ичиндеги  көчөлөрдү  түнкүсүн  жарыктандырууга,  ар кандай майрамдарга ылайык  шаардын ичин жасалгалоо,  светофорлорду алмаштыруу жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө,  шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүү менен оңдоп түзөө иштерине жумшалат.  Ошондой эле 1245,0 миң сомго  суу себүүчү машина  сатып алууну пландалууда.

 

 

Маданият тармагы

 

Таблица

АталышыIIIIIIIVбаарыЭмгек акы1018,01121,61241,5900,04281,1Соц. фондко чегеруу169,6186,0205,9148,4709,9Командировкалык чыгым14,911,516,814,858,0Коммуналдык кызматтар:     — Электр энергиясына толом27,94,720,317,170,0-Байланыш9,012,110,59,441,0Ижара акысы1,21,11,51,25,0Имарат менен жайларды оңдоо 10,010,0 20,0ар кандай чарбачылык каражаттарды алууга29,616,726,021,794,0ар кандай чыгымдар116,3215,5199,7167,3698,8Атайын каражат9,514,017,129,470,0Эмерек кеңсеге  алууга8,743,114,513,780,0Баары1404,71636,31763,81323,06127,8

 

 

Маданият тармагындагы мекемелерге Нарын шаардык библиотекасы, маданият бөлүмү, дене тарбия жана  спорт  бөлүмү,  маданият бөлүмүнүн аппараты,  туризм жана спорт бөлүмдөрү кирет. Таблицада көрүнүп тургандай  2016-жыл үчүн бөлүнгөн акча каражатынын басымдуу бөлүгүн эмгек акы жана социалдык фондго  чегерүүлөрдү түзөт же пайыз менен алганда 80% болот.   Коммуналдык чыгымдар боюнча электр энергиясына, телефонго лимит расчетторуна ылайык акча каражаттары бөлүндү. Ошондой  эле Нарын шаардык библиотекасынын  имаратынын ижара акысына келишимдин негизинде  жана мекемелердин ондоп түзөө иштерине каржыланды.  Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн    иш-чараларына 600,0 миң сом акча каражаты каржыланган. 2015-жылдын бюджетти 2016-жылга салыштырмалуу  250,0 миң сомго көбүрөөк каралган. Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн акча каражаты көбүрөөк каралгандыгынын себеби 2016-жыл  үчүн шаардын ичинде спорттук иш-чаралары  көбүрөөк уюштуруусу менен бирге жалпы коомчулукту спортко үндөө болуп эсептелинет.

 

 

 

 

 

 

Башка категорчга кирбеген экономикалык чыгымдар.

 

Таблица

АталышыIIIIIIIVбаарыАр кандай чыгымдар2395,62608,74376,32119,411500,0Атайын каражат          Баары2395,62608,74376,32119,411500,0

 

Бул чыгымда шаардын ар кайсы тармактардагы тартылып жаткан инвестициялык проектерди колдоого,  Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү  максатында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  «Башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдар”  статьясына  11500,0   миң сом бөлүнгөн.

 

Билим берүү тармагында

Таблица

АталышыIIIIIIIVбаары Эмгек акы34,915,27,9 58,0 Соц. фондко чегеруу6,02,61,4 10,0 Командировкалык чыгым      27,736,239,934,2138,0 Коммуналдык кызматтар:      — Сууга болгон толом502,9730,0808,2501,12542,2 — Электр энергиясына толом379,8468,7518,8421,41788,7 Жылуулук энергияга төлөм1053,051,0169,6726,42000,0 -Байланыш32,539,744,535,3125,0 Ижара акысы 28,717,714,661,0 Имарат менен жайларды оңдоо 330,0415,0 745,0 Эмерек кеңсе алууга      ар кандай чарбачылык каражаттарды алууга77,071,875,565,7290,0 Комур алууга      ар кандай чыгымдар382,4376,6470,7220,31450,0 Медикамент21,132,335,634,0123,0 Тамак-аш865,4      1090,01206,5998,44160,3 Атайын каражат2037,51315,01527,01400,56280,0 Эмерек кеңсе алууга 80,0  80,0 Баары 5420,24667,85338,34451,919878,2 

 

 

Билим берүү тармагы 30-май 2013-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №302 токтомуна ылайык республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген.  Ушул токтомго ылайык жергиликтүү бюджеттен муниципиалдык менчикти кармоого жана коммуналдык  төлөмдөр гана каржыланышы керек. Бирок  Нарын  шаардык  Кеңешинин  XXVI чакырылыштагы XXX сессиясынын 23-март 2016-жыл №2/2 токтомуна  ылайык   №16 Ыйман бала бакчасына  ашпозчу үчүн  0,5 штаттык бирдигине каралып  68,0 миң сом акча каражаты чечилген. (чечим тиркелет).  Коммуналдык чыгымдар боюнча сууга болгон төлөм,  электр энергиясына, телефонго лимит расчетторуна ылайык акча каражаттары бөлүндү.  Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4 класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сварканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылануусу каралган. Ошондой эле жылуулук энергиясы үчүн шаарды толук камсыздоого бюджетте акча каражаты тартыш болгондугуна байланыштуу  2016-жылы мектептердин жана бала бакчалар үчүн 2000,0 миң сом каралып,  2015-жылга салыштырмалуу 1000,0 сомго көбүрөөк  каралган. Ал эми суу үчүн болгон төлөмдөргө ар бир мекеме суу өлчөчү  приборду койдурулгандыгына байланыштуу  акча каражаты прибордун эсептөөсүнүн негизинде каржыланды.  Бала бакчалардын «Тамак-аш» статьясына 195 дето күнгө орто эсеп менен 19,9 сомдон  мин сом акча каражыта каралды.

 

 

 

 

Социалдык жардам

Таблица

АталышыIIIIIIIVбаары Эмгек акы1195,21532,51696,31425,25849,2 Соц. фондко чегеруу179,3232,3256,4219,4887,4 Командировкалык чыгым15,314,416,09,355,0 Коммуналдык кызматтар:      — Сууга болгон толом 1,10,60,52,2 — Электр энергиясына толом24,027,930,823,6106,3 -Байланыш9,415,717,417,560,0 Транспорттук чыгымдар 7,04,43,615,0 Имарат менен жайларды оңдоо 129,6145,4 275,0 Эмерек кеңсе алууга      ар кандай чарбачылык каражаттарды алууга22,215,717,44,760,0 Комур алууга      ар кандай чыгымдар2,418,320,329,070,0 Медикамент      Тамак-аш      Социалдык  кызматтарга131,2196,3280,9360,3968,7 Эмерек кеңсе алууга 35,0  35,0 Баары 1579,02225,82485,92093,18383,8 

 

Социалдык өнүгүү башкармалыгында жалпысы 24 киши эмгектенип  анын 17 си  аппарата  иштегендер 3 тейлөөдөгү кенже кызматкерлер, 4 социалдык кызматкер болуп эмгектенишет.  Жогорудагы  таблицада көрүнүп тургандай эмгек акы жана социалдык  чегерүүлөрү жалпы бюджеттин 80,0 % түзөт. Ошондой  эле  Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык  кызматкерлерине эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмдөгү  материалдык  жардамга акча каражаты кошулду.  Мындан сырткары социалдык женилдиктерге 968,7 миң сом акча каражаты каралган.   Ал эми мекемеге жабдууларды алуу үчүн 35,0 миң сом каралгаган. Штаттык бирдикте өзгөрүүлөр болгон жок.

 

Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше булагыНарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын планыНарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын планы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий