Нарын шаардык Кеңешини төрагасы шайланды.

Бүгүн, 10-январда Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы шайланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

IV-чакырылыштын депутаттарынын сессиясын жаш-курагы боюнча улуусу “Республика-Ата-Журт” партиясынан Н.Ѳмүракунов ачып, алып барды. Мандат тапшыруу иш-чарасынан кийин, төраганы шайлоо процесси өттү.

“КСДП”, “Ала-Тоо-Ынтымагы”, “Ѳнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” партиялары тарабынан түзүлгөн “Биримдик” коалициясы төрагалык кызматка “КСДП” фракциясынан Ж.Ботокановдун талапкерлигин көрсөтүшүп, жыйынтыгында 29 депутаттын макулдугу менен, аталган талапкер Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Добавить комментарий