Нарын шаардык Кеңеши катуу сууктан улам орто мектептердин каникулун узартуу боюнча сунуш киргизди

Бүгүн, 12-январда Нарын шаардык Кеңеши  депутаттар, вице-мэр С.Эсенаманова жана мектеп директорлорунун катышуусунда кеңешме отурумун өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда сырттагы аба-ырайынын температурасынын төмөндөшүнөн улам мектептин класстык бөлмөлөрүнө жылуулук күчтөп берилип жатса да, нормадан төмөн жана окуучулардын сабакка катышуусу аз болуп жаткандыгы боюнча талкуу жүрдү.

Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору мектептердин жылуулук режимдерин  лабораториялык  ыкма  аркылуу  текшерүү  жүргүзүп, шаардын мектептеринин биринде да жылуулук нормага туура келбестиги боюнча бүтүмүн чыгарышкан.

Мындан сырткары, сырттагы аба ырайынын температурасы түнкүсүн – 30, күндүзү -22 ден да төмөн болуп жаткандыгына байланыштуу, ата-энелерден  кышкы каникулдун күндөрүн узартуу боюнча кайрылуулар түшкөн.

Жогорудагылардын негизинде маселе боюнча Нарын шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигине балдардын кышкы эс алуусунун мөөнөтүн узартып берүү боюнча кайрылуу жолдоду.

Добавить комментарий