Нарын шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери бир күндүк айлык акыларын 2016-жылдын 16-январында Сокулук районунун Дача-СУ айылында болуп өткөн кырсыктан жабыркагандарга жөнөтүшөт

Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери бир күндүк айлык  акыларын 2016-жылдын 16-январында Сокулук районунун Дача-СУ айылында болуп өткөн кырсыктан жабыркагандарга жөнөтүшөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында бүгүн, 17-январда өткөн жыйында вице-мэр С.Эсенаманова кырсыктан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуучу эки пункт ачылгандыгын маалымдап, азык-түлүк, кийим-кече жана башка керектүү нерселерлен жакындан жардам берүүгө чакырды.

Ал эми жыйындын катышуучулары, мындай үрөй учурган кайгылуу окуяга кайдыгер карабай колдон келген колдообузду көрсөтүп, жардамыбызды аябайбыз деген ой-пикирлерин билдиришти.

Добавить комментарий