Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасында 2017-жылдын 12 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча маалымат

Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасы  жалпы 23- техника элге кызмат көрсөтөт. Шаар ичинде жайгашкан 220 точкада 270ден ашуун контейнерлер жайгашкан ушул точкаларга 8 маршрут менен техникалар чыгып 3-4рейстен таштандыларды  күнүгө тазалап чыгарат,мындан сырткары 4-5-6 күндөрү   РТС, Городок ,Горный Интернат аймактарында маршруттарга чыгып  тазалоо, таштанды чыгаруу иштерин  жүргүзүп келишти. 2017-жылдын 12 айында  36000м3 таштанды чыгарылып Карга Жайлоо полигонуна төгүлүп жумасына 2-3жолудан бульдозер менен түртүлүп планировка жүргүзүлдү.  Ишканадагы көчөө шыпырып тазалоочулар  бөлүнгөн участокторунда  шыпырып тазалоо  иштерин  жүргүзүп турушту.Күз айлары келип ,жалбырак түшкөн учурларда шаар ичиндеги парктардагы жана  арыктардагы жалбырактар тазаланып чыгарылды.  Ал эми жаздан баштап кеч күзгө чейин шаар ичиндеги асфальт жолдор  атайын  суу чачуучу техникалар менен  жуулуп турулду.Шаарыбызда өткөн майрамдарда  жасалгалоо иштери биздин мекемеге жүктөлгөндүктөн  жыл ичиндеги майрамдарды жасалгалоо иштери жүргүзүлүп сахналар тигилип,банер  лозунгдар илинип шаарыбыздын тургундарына жана конокторуна майрамдык  маанай тартууланып турду.Таштанды төгүүчү точкаларды  иретке келтирүү жетпеген жерлерге таштанды урналарын койуу  үчүн  2017-жылы 274160 сомго 46 даана таштанды урнасы алынып келинип тиешелүү жерлерге  койулду. Элдердин  таштанды төгүүчү шартын жакшыртуу  үчүн  Ага Хан фондусунун  MSDSP  KG  программасы менен биргеликте  35 таштанды  төгүүчү жайлардын алдын бетон аралашмасы менен дорожкалар койулду. 2017-жылы Жергиликтүү бюджеттен 300,0сом  бөлүнүп 2000м3 баласт аралашмасы  шаар ичиндеги  17 көчөөгө төгүлүп түздөтүлдү. Шаар ичиндеги  110км жолдордун  42 км асфальт 68 км таш  жол болгондугуна байланыштуу таш жолдорду  жыл ичинде 3-4 жолудан грейдер менен кырып түздөө иштери жүргүзүлдү.Шаар  ичиндеги жол кырсыктарын  болтурбоо жана кыскартуу боюнча дагы  алгылыктуу  иштер жүргүзүлдү ,айтып кетсек  шаар ичиндеги көчөлөрдүн эки кесилишине  780,0 сом  заманбаб  эки светофор койулуп ишке берилди эски чыккан светофорлордон 1 ди курап оңдоп  лактап лицей  интернатына орнотулуп ишке  берилди.  Нарын облустук жол коопсуздук кызматы менен  биргеликте шаар  ичиндеги жолдорду обследование  жүргүзүп жыйынтыгында белгиленген жерлерге 81 жол белгиси мындан сырткары РТС аймагындагы туура кеткен  20 көчөгө жалпы 298581сомго көчөнүн аттары жана жол белгилер орнотулду. 2017-жылы  шаар ичиндеги көчөлөрдү жарыктандыруу  боюнча иштер жүргүзүлүп ,шаарыбыздын  Ленин,Раззаков көчөлөрүнүн эски түнкү жарыктарынын  ордуна 143 дана заманбаб түнкү жарыктар орнотулуп жалпы 442950 сом заманбаб лампа сатып алууга жумшалды.   Эски чыккан  түнкү жарык лампочкалары шаардын түнкү  жарыгы жок жерлерине жана жарыктан  чыккан лампаларды  алмаштырүү иштерине  жумшалууда. Мектеп бала бакчалардын  элдер көп өтө турган  жерлерде  жөө адамдардын коопсуздугун  сактоо боюнча биргелешкен мэрия аркылуу түзүлгөн комиссиянын  негизинде  такталган жерлерге жасалма дөңсөлөр  койулуп мерчемдүү жерлерге киши  өтүүчү зебралар заманбаб көпкө чыдай турган холодный   пластик аралашмасы  менен сары ,ак кылынып чийилди, знактар  орнотулду.  Жалпы холодный пластикке 207,000 сом акча каражаты сарпталды.Ишкананын  тиешелүү пескоблок ,бурсчатка чыгаруучу  цехтин айланасы толугу менен тосулду. Т Усубалиев атындагы борбордук аянтты тосууга 146880 сом сарпталып темир тосмо жасалып,гүл отургузулуп облустун  шаардын админстративдик  имарат жагы  тосулду.  Жаңы Жылдык балаты орнотулуп балатыны  аянтты жана шаарды жаңы жылга   карата кооздого жергиликтүү бюджеттен  200,000сом каралып жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.Кыш  мезгилине  даярдык  көрүү боюнча мекемеге 22 тонна  туз ,121,0 сомго алынып кампадагы  сактоодогу 7 тн тузга  кошулуп даярдалган 130м3 отцевке  аралаштырылып шаардын 34 жалпы жол кесилишине  загатовкалар түшүрүлүп кар жааган мезгилдеде  жолго аралашма кызматкерлер тарабынан  себилүүдө 2016-2017-жылы жолбун иттерди атууга  бөлүнгөн  акча каражатынан калган 34152 сом калдык акчанын  эсебинен  ноябрь-декабрь айларында 185 даана ит атылып жок кылынды. «Таза Нарын» ишканасынын  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  тармагы  боюнча дагы 2017-жылы тиешелүү иштер аткарылды.  Бул тармакта  7 парк 8 сквер жана  жаш көчөттөрдү өндүрүүгө 1 питомник бар.Жашыл массивдердин жалпы аянты 170га түзөт мунун  ичинен парк скверлердин ээлеген аянтты  28,7г түзөт.Шаарды жашылдандыруу максатында мекеменин питомнигинен шаар ичине орнотууга, мекеме  ишканаларга садик мектептерге шаар  тургундарына акысыз 12991 даана ар түрдүү бак  дарактардын көчөттөрү берилди. 2017-жыл ичинде облустук экология  фонду менен  тыгыз  иш алып барылып 513990 сомго 7 түр көчөттөн 545 даанасы алынып шаар ичине мекеме ишканаларга  садик мектептерге кошумча отургузулду.Шаар ичине ,гүл көчөттөрүн отургузуу,гүл челектерин  алууга,жер семирткичтер менен азыктандырууга  2017- жылы  жалпы 243480 сом акча каражаты  жумшалды.  Бак дарактарга  сугат суу  жеткирүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк  азык түлүк программасынын  проэктиси менен  биргеликте 28000метр шаар  ичиндеги арыктар  тазаланда. Шаарыбыздын 149-жылдык маарекесине  карата Городок  аймагындагы каралбай калган  скверде иштер жүргүзүлүп өсүүсүн токтоткон бактар кыркылып түздөлүп элдин сейилдөөсүнө  шарт түзүү максатында  толук реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 1,521,606 сом каралып,экология фондусунан 517,240 сомго көчөттөр  берилип жалпы 5220 чарчы  метрди ээлеген  жаңы Жаштар паркы  деген аталыштагы  парк элдин пайдалануусуна берилди, ошону менен  эле бирге шаардык мончонун жанында  жайгашкан аягына чейин  бүтө элек сквер бүткөрүлүп пайдаланууга  берилди. Жаз алды менен парк, скверлердеги жол боюндагы бактарды зыянкечтерден  коргоо максатында күзгө чейин 2 иреет акилөө иштери жүргүзүлдү бул иш чарага 28700 сомго 2500 кг аки таш колдонулду. Шаар  тургундарынын  парк скверлеринде эс алуусуна шарт түзүү үчүн газон  чөптөрдү атайын газонокасылка менен  4 иреет чабылып тратуарлары  отоо чөпкө каршы Уриган голиаф дарысы менен обработкаланды.  Шаар ичиндеги  жол боюнда өскөн бадалчалар дайыма формавкаланып сезон убагында жумушчулар тарабынан 5 жолу иретке келтирилди. Шаар ичиндеги өсүүсүн токтоткон           кооптуу деген экология тарабынан уруксаат  кагаздары берилген 72даана бак  дарактар аныкталган 2017-жылы бул бак дарактардын 22 даанасы кыркылып тазаланып мэрияга жана  мекемеге жазган  арыздардын негизинде 25 даана  шаар тургунуна 1м3   ,   25м3         отун жардам катары акысыз берилди.Парк скверлердеги  отургуч урна,стойкалар ,гүл  айдоочу пирамидалар  сырдалып  тиешелүү жерлери акиленип ,сугат иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Түнкү жарыктар дагы жыл бойу  көзөмөлгө алынып турду ал эми Алма Бак паркынын  түнкү жарык системасынын баардык  проводдору лампалары алмашылып кире  бериш аллеясына эки түркүк орнотулуп заманбаб 6 фонарь койулуп кошумча жарыктандырылды.  РТС  аймагындагы Мазар Булак сквери тосмолору 2017-жылдын үлүштүк деп берүүчү гранты менен765876 сомго толугу менен тосулуп бүткөрүлдү,мунун ичинен 191469 сом өздүк салым  катары  жергиликтүү бюджеттен  каржыланды. 2017-жылы ар бир парк скверге ишке керектүү тиешелүү шаймандар ( тачка,күрөк,тырмоо) алынып берилип ар бир кызматкерге бекитилип  берилди. Жумушчулардын иштөө шартын жакшыртуу иш өндүрүмдүүлүгүн  көтөрүү максатында мекемеге бак кыркып,тегиздеген чөп чабууга  керектүү жаңы апараттар алынып толукталды.Көчө боюнда өскөн бак  дарактарды сан тазалоо  иштери дагы колго алынып 2017-жылы Раззаков  көчөсү,64 аймагынан  Тоголок Молдо көчөсүнө  чейинки жол боюнда  өскөн  бак дарактарын толугу  менен тазалап тегиздөө  иштери  аяктады. Шаар ичинде  2017-жылы капиталдык салымдар  беренеси менен асфальталган  жолдорго  агын суулар өтүүчү өткөөлдөр жаңыртылды тактап айтсак С Орозбак ,Кыргыз,Тоголок Молдо көчөсүндөгү  өткөөлдөр.  Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасына 2017-жылдын 12-ай ичинде  жалпы 104 арыз келип түшкөн. Ушул арыздардын ичинен баласт төгүп берүү боюнча  16 , топурак ,кум,шагыл түшүрүп берүү боюнча  5,түнкү жарыктарды койуп берүү  боюнча  8, кышкы отундан жардам сурагандар 22, ж.б ушул сыяктуу  элдерден арыз-даттануулар арыз ээлерине түшүндүрүлдү.Ишканада         жылыга бир айлыктын алкагында  өткөрүлүп турчу»Биз биргебиз»  кайрымдуулук акциясынын негизинде биздин ишканада иштеген,иштеп кеткен карыларга камкордук катары сый тамак  уюштурулуп,белектер берилген 14000 сомго,ишканага  шефке берилген майып адамдарга  Нарын шаарынын С Орозбак-107 үйүнүн  жашоочусу  Жумалиева Апеш-93 жаштагы апага ,Нарын шаары Боогачы -50 үйүнүн жашоочусу Жээналиева Гүлсайра -75  жаштагы апага жардам катары  5000 сомго продуктысына     жумшалган. Ишкананын өзүндө эмгектенип келишкен 16 жумушчу майыптарга жардам катары ар бирине 500 сомдон ,жалпы 8000 м сом жумшалды. Ошондой эле Нарын шаарындагы аз камсыз ,социалдык  колдоого  муктаж  бала кезинен  шал оорусу менен ооруган жана 18 жашка чейинки майып  балдарды атайын шефтике  3 баланы- Нарын шаарынын  Ленин -232/1а Жумакадыров Эржан, Ленин-204а/14 Айыпказиева  Аделинай, Түлөбердиева-45   Марат уулу Элмарларды биздин ишканага ар дайым көңүл буруп жардам берип туруу үчүн бөлүнгөн.Бул балдардын көңүлүн көтөрүү максатында  Жаңы Жылдын алдында  белектер  берилди.   Жыл башынан бери жумушка алынган     жумушчу кызматчылардын саны 41, жумуштан бошогону 41 адам. Азыркы учурда         107 адам эмгектенип мунун  94  эркек жолдоштор, 13 аял  жолдоштор.

Добавить комментарий