Нарын шаардык мэриясына ушул жылдын 2-кварталында 440 кайрылуу келип түшкѳн

2014-жылдын 2-кварталында Нарын шаадык мэриясына жарандардан жазуу жүзүндѳ 339, ооз эки түрүндѳ 101, бардыгы 440 кайрылуу келип түшкѳн, ал эми электрондук кайрылуулар келип түшкѳн эмес. Бул тууралуу мэриянын басма сѳз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Келип түшкѳн арыздар мүнѳзү боюнча  тѳмѳндѳгүдѳй  бѳлүнѳт: 160 кайрылуу социалдык маселелер, жеӊилдиктер, материалдык жардам суроо боюнча, 75 кайрылуу коммуналдык тейлѳѳлѳр маселеси боюнча, турак жай маселеси боюнча 19, табигый кырсыгынан жапа чеккендер жана ссуда сурагандар 31 кайрылуу, 29 жер маселеси, турак жай салууга жер аянтын бѳлүп берүү боюнча жана башка маселелер алкагында 126 арыз келип түшкѳн.

Мындан сырткары, КР Президентинин аппаратынан  6 кайрылуу, Ɵкмѳттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынан  87 кайрылуу  келип түшкѳн.

Добавить комментарий