Нарын шаардык мэриясына 2014-жыл ичинде жалпы 753 кайрылуу кат келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Келип түшкɵн кайрылуулардын 202 жазуу жүзүндө, 1 электрондук түрдɵ, мындан сырткары, мэрдин жана вице-мэрлердин кабыл алуусунда 399 жаран болуп, 151 ооз эки кайрылуулар кабыл алынган.
Келип түшкөн кайрылуулар мүнɵздɵрү боюнча тɵмɵндɵгүдɵй болуп бɵлүнɵт:
-жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангандыгы – 13;
-укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 1;
-пенсия жана жөлөкпул тууралуу – 3;
-материалдык жардам сурап кайрылгандар -160;
-коммуналдык тейлɵɵ тууралуу (эл.энергия, жылуулук, таштанды, ж.б.) -219;
-турак жай маселеси боюнча – 12;
-табигаттын кырсыгынан жапа чеккендер, ссуда алуу боюнча -52;
-транспорт, байланыш, жол маселери боюнча – 13;
ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана башка маселелер боюнча арыз даттануулар келип түшкөн.