2015-жылдын 1-кварталынын ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 207 кайрылуу келип түшкɵн, мунун ичинен 162 кайрылуу жазуу жүзүндɵ, 4 электрондук, 41 ооз эки кайрылуу. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Келип түшкɵн арыздардын мүнɵзү тɵмɵндɵгүдɵй :
Жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангындыгы жɵнүндɵ — 3, пенсия, жɵлɵкпул боюнча — 2, социалдык маселелер боюнча — 60, транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча — 6, коммуналдык тейлɵɵ (эл.энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) — 15, жер маселеси боюнча -14, квартира, турак-жай, курулуш, менчиктештирүү -7, табигаттын кырсыгынан жапа чеккендер-8, таза суу маселеси-5 жана башка маселелер боюнча 37 кайрылуу келип түшкɵн