Нарын шаардык мэриясына 2016-жылдын 1-кварталында 132 жаран кайрылган

contacts_mail_256Нарын шаардык мэриясына 2016-жылдын 1-кварталына карата жалпы 132 кайрылуу келип түшкөн, мунун ичинен: 82 жазуу, 3 электрондук жана 47 ооз эки жүзүндө. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.   Келип түшкөн арыздардын мүнөзү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: Эмгек акы, иштен туура эмес бошотуу жөнүндө 2, жеңилдиктер, материалдык жардам берүү (соц.маселелер)  – 19, транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча – 4, кызмат сурап кайрылгандар-2, коммуналдык тейлөө (эл.энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) — 5, квартира, турак-жай, курулуш, менчиктештирүү боюнча – 11, соода-сатык, базар маселелери -1, таза суу маселеси -3, жер маселеси -8, турак-жай салууга жер бөлүп берүү боюнча -1 жана башка маселелер боюнча 25 арыз-датаннуулар каралган.

Добавить комментарий