Нарын шаардык мэриясына 2017-жыл ичинде жарандардан 585 кайрылуу келип түшкɵн.

 

 

 

 

 

Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Бактыкан Ширинбекова маалымдады.

 Анын айтымында, келип түшкɵн кайрылуулардын 211и чечилип, 360 кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгɵн. Ал эми 14 кайрылуу учурда аткарууда.

Мүнɵзү боюнча алып караганда, жалпы кайрылуулардын 82си социалдык, 155и экономикалык маселелер боюнча болсо, 99у материалдык жардам суроо иретинде, 249у жана башка маселелер боюнча кайрылгандар.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.  

Добавить комментарий