Нарын шаардык мэриясына 2019-жылдын 1-кварталында келип түшкɵн жарандардын арыз-даттануулары, электрондук жана оозеки кайрылуулары тууралуу маалымат.

2019-жылдын 1-кварталында Нарын шаардык мэриясына шаар тургундарынан жалпы 152 кайрылуу келип түшсɵ, алардын 99у жазуу жүзүндɵгү арыз даттануулар болгон. Ал эми шаар мэринин жана вице-мэрлердин кабыл алуусунда болуп, оозеки кайрылган жарандардын саны 53 учурду түзгɵн.

Кайрылууларды мүнɵзүнɵ жараша анализдегенде 18 кайрылуу социалдык, 47 кайрылуу экономикалык маселелер боюнча, 19 кайрылуу материалдык жардам берүү, 68 кайрылуу башка маселелер боюнча болгон.

Бул маселелердин 58и чечилип, арыздар канааттандырылган. Ал эми 76 арыз-даттануу боюнча арыз ээлерине түшүндүрүү жолу менен маалыматтар берилген. Чечилбей калган жана мɵɵнɵтүнɵн кечиккен учурлар болгон эмес. 18 кайрылуу учурда аткарылууда.

Добавить комментарий