Нарын шаардык мэриясында коррупцияга каршы туруунун жолдору талкууланды – Нарын шаардык мэриясы

Бүгүн 8-декабрда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында коррупцияга каршы күрɵшүүнүн эл аралык күнүнɵ карата кереге маек  ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кереге маекте мэриянын башкы адиси-юристи М.Бабаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун Мамлекеттик стратегиясы жана анын Нарын шаарында жүзɵгɵ ашырылышы, КРѲ токтомуна ылайык коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан иш-чаралардын планынын аткарылышы туурасында маалымат берди.

Ал эми маалымат үчүн айтсак, 2004-жылдан тартып ар жылдын 9-декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан коррупция менен күрɵшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 6-августундагы №128 Мыйзамы менен коррупцияга каршы күрɵшүү эл аралык конвенциясына кошулган.

IMG_7453IMG_7460IMG_7455IMG_7454

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий