Нарын шаардык мэриясынын алдында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча тузулгон Координациялык Кеӊештин 2014-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат

ККтин кыскача таржымакалы:

2010-жылы  «MSDSP KG» Коомдук Фондусунун «Адилеттүү башкарууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында  Нарын шаардык мэриясынын алдында Миӊ Жылдыкты Ѳнүктүрүү  максаттары боюнча Координациялык Кеӊеш түзүлүп, ал кеӊештин курамы Нарын шаардык мэриясынын 6-декабрь 2010-жылдагы №425-б буйругу менен бекитилген. Жогорудагы ККтин курамына Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри, тиешелүү адистер,  мамлекеттик, муниципалдык мекеме ишканалардын жетекчилери жана жарандык коомдун ɵкүлдɵрү кирип ошол күндɵн баштап бүгүнкү күнгɵ чейин иш алып барууда. Бүгүнкү замандын талабына ылайык жана ККтин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы  менен  2014-жылдын 19-июнунда Нарын шаардык мэриясынын №242-б буйругу менен ККтин аталышы ɵзгɵрүлүп жана ККтин Жобосу кеӊештин мүчɵлɵрү менен  кайрадан каралып жаӊы Жобо кабыл алынды. Башкача айтканда, Нарын шаардык мэриясынын алдында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча  Координациялык Кеӊеш болуп аталып калды.

2014-жылы Координациялык Кеӊеш Нарын шаарындагы кɵрсɵтүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга кɵмɵк кɵрсɵтүү максатында 3 жолу отурум ɵткɵрүлүп,  отурумдарда каралган баардык маселелер боюнча   чечим (сунуш ирээтинде) кабыл алганды.  Ѳткɵрүлгɵн отурумдар тууралуу кененирээк маалымат тɵмɵнкүдɵй:

2014-жылдын 28-май айында ККтин кезектеги отуруму ɵткɵрүлдү.

Күн тартиби боюнча 3 маселе каралды:

  1. Development Chek (онлайн режиминде мониторинг жүргүзүү методунун бир түрү) боюнча Нарын шаарындагы Тош-Булак участогундагы Таза-Суу менен камсыз кылуу долбооруна карата жүргүзүлгɵн мониторингдин жыйынтыгын талкуулоо жана тиешелүү чечим кабыл алуу;
  2. Таза суу жана санитария багытындагы жергиликтүү стандарттарга келип чыккан муктаждыкты талкуулоо жана чечим кабыл алуу;
  3. Мониторинг топ тарабынан таза суу менен санитария багытында кɵйгɵйлɵрдү аныктоо максатында жүргүзүлгɵн мониторингдин жыйынтыгы менен түзүлгɵн долбоорлорду кароо жана алардын арасынан приоритеттүү долбоорду тандоо.

Жогорудагы күн тартиби боюнча каралган баардык маселелер боюнча тɵмɵнкүдɵй чечим (сунуш ирээтинде) кабыл алынды:

  1. Нарын шаарындагы Тɵш-булак участогундагы таза суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык суу канал ишканалары Мониторинг тобунун мүчɵлɵрүнɵ баардык керектүү документтерди берүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүлсүн.
  2. Муниципалдык кызматтардын (Таза суу менен таштанды чыгаруу) сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү стандарттарды иштеп чыгуу боюнча Жумушчу Топ түзүлсүн.

3.Нарындын жаш Лидерлер Коомдук Бирикмеси тарабынан сунушталган 3 долбоордун арасынан тандоо үчүн тактоо иштерин жүргүзүп туруп тандоону кийинкиге калтарылсын.

2014-жылдын 11-июнунда ККтин кезексиз отуруму ɵткɵрүлдү, себеби, мурунку 28.05.2014-жылдагы ККтин ɵткɵргɵн отурумунда айрым чечилбей калган, башкача айтканда тактоо жана кошумча иш аракеттерди талап кылган маселелерди кароо жана чечим кабыл алуу муктаждыгы келип чыккан.

Күн тартиби боюнча тɵмɵндɵгү  4 маселе каралган, алар тɵмɵнкүлɵр:

  1. 1. ККтин жаӊы Жобосун талкуулоо жана кабыл алуу; 2. Development Chek боюнча мониторинг жүргүзүү үчүн
  2. 2. долбоорду тандоо;
  3. 3. «MSDSP KG» Коомдук Фондусунун каржылоосуна 4 долбоордун ичинен биринчи ирээтте чечүүнү талап кылган кɵйгɵйдү чагылдырган 1 долбоорду тандоо; 4. Жергиликтүү стандарттарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгɵн Жумушчу топтун иш планын иштеп чыгуу;

Бул маселелер боюнча тɵмɵнкүдɵй чечим кабыл алынды: 1. Талкууга берилген ККтин Жобосуна ККтин мүчɵлɵрү тарабынан айтылган ɵзгɵртүү толуктоолорду киргизүү менен кабыл алынсын; 2. Нарын шаарындагы кɵчɵлɵрдɵ тротуарларды жасоо долбооруна мониторинг жүргүзүлсүн. 3. Нарындын Жаш лидерлер Коомдук Бирикмеси тарабынан жүргүзүлгɵн мониторингдин жыйынтыгы менен түзүлгɵн 4 долбоордун ичинен «Жаӊы базаны орнотуу менен кɵрсɵтүлүп жаткан муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу» долбоору тандалып алынсын.

КР Ѳкмɵтүнɵ караштуу Жергиликтүү Ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттике кат жолдоо сунушталды.

21.08.2014-жылы ККтин кезектеги отуруму ɵткɵрүлдү. Күн тартибинде тɵмɵнкү маселелер каралды:

  1. ККтин 4 кварталдык иш планын талкуулоо жан бекитүү;
  2. 2. Development Chek боюнча Нарын шаарындагы Московская чɵлкɵмүндɵгү Жеӊиш паркын реконструкциялоо долбоору мониторинг тобу тарабынан жүргүзүлгɵн мониторингдин жыйынтыгын талкуулоо жана тиешелүү чечим кабыл алуу;
  3. ККтин мүчɵлɵрү тарабынан 4 долбоордун ичинен тандалып алынган « 5 кварталдык комитеттерге электрондук база орнотуу» долбоору ишке ашып жаткандыгыны байланыштуу кичи долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана талкуулоо;
  4. «Таза-Нарын» жана Нарын суу канал ишканаларынын кɵрсɵтүп жаткан кызматынын керектɵɵчүлɵр менен түзүлгɵн кызмат кɵрсɵтүү келишимдерине карата жүргүзүлгɵн укуктук анализдин жыйынтыгын талкуулоо жана келишимдерди жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү;

2014-жылы «MSDSP KG» Коомдук Фондусунун «КР шаарлардын пландаштыруусун күчɵтүү максатында жаӊы технологияларды пайдалануу» долбоорунун концепциясы тууралуу  ККтин мүчɵлɵрүнɵ маалымат берүү жана бул долбоордун алкагында жүргүзүлгɵн базалык изилдɵɵнүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берүү.

Күн тартиби боюнча баардык маселелер боюнча тɵмɵнкүдɵй чечим кабыл алынды:

1. Бул маселе боюнча бир нече чечимдер кабыл алынган, алар тɵмɵнкүлɵр:

-Иш пландын формасын ɵзгɵртүлсүн;

-Иш пландын 1 иш чарасы  ККтин кезектеги отурумунун күн тартибиндеги 1 маселе боюнча Нарын шаарындагы ичүүчү таза суунун сапатын жакшыртуу деген жерди Ак-Бечел суу алуучу курулуштан келип жаткан суунун сапатын жакшыртуу деп тактоо киргизилсин;

— ККтин 2014-жылдын 4 кварталындагы иш планы боюнча октябрь айындагы ɵтүүчү кезектеги отурумга Ак-Бечел  водозаборун реконструкция долбоору боюнча буюртма берүүчү менен аткаруучуларды жалпы маалымат берүү үчүн чакырууну уюштурулсун;

-ККтин 2014-жылдын 4 кварталындагы октябрь айындагы кезектеги отурумга чейин Мониторинг тобу  СЭС  менен биргеликте сууга кошулуп жаткан хлордун сапаты жана ичүүчү таза суудагы анын нормага ылайык кошулуп жаткандыгы боюнча мониторинг жүргүзүлсүн жана жыйынтыгы ККтин мүчɵлɵрүнɵ сунушталсын;

-ККтин 2014-жылдын 4 кварталындагы октябрь айындагы кезектеги отурумдун күн тартибине 4 маселе катары «Нарын дарыясынын жээгиндеги таштандыларды тазалоо жана таштандылардын кайрадан тɵгүлбɵɵсүнɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү»  маселеси кошулсун;

— Мониторинг тобунун ишин Нарын шаарындагы тазалык маселесин баалоо менен активдештүрүү.

  1. 2. Мониторинг тобу аныктаган кɵйгɵйлɵрдүн ичинен Таза-Нарын ишканасына тиешелүү маселе боюнча парктагы таштады таштоочу челектерди ɵз убагында чыгаруу жана кошумча таштанды чыгаруучу челектерди кошуу сунушталсын.
  2. 5 чɵлкɵмдɵгү кварталдык комитеттерге база орнотуу» кичи долбоорунун жүрүшүн талкуулоо боюнча: 1.долбоор ишке ашып бүткɵндɵн кийин тартылуучу видеороликке долбоор башталганга чейинки кɵрүнүш менен долбоор ишке ашып бүткɵндɵн кийинки кɵрүнүштү чагылдырып тартуу жана 2. 2014-жылдын октябрь айындагы кезектеги отурумга 5 кваралдык комитеттердин кызматкерлерди отурумга чакыруу сунушталсын;
  3. «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасы менен Нарын суу канал ишканасынын керектɵɵчүлɵр менен түзүлгɵн келишимдерге карата жүргүзүлгɵн укуктук анализдин жыйынтыгы менен белгиленген кемчиликтерди эске алуу менен келишимдерди толуктоо сунушталсын.
  4. «MSDSP KG» Коомдук Фондусунун «КР шаарлардын пландаштыруусун күчɵтүү максатында жаӊы технологияларды пайдалануу» долбоорун аткаруу үчүн Нарын шаардык мэриясы менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
Добавить комментарий