НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫНА ӨКМӨТТҮН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ Э.АЛЫМКУЛОВ КАТЫШТЫ

Бүгүн, 31-январда Нарын шаардык мэриясынын 2019-жылдын он эки айында жасалган иштеринин жыйынтыгы чыгып, 2020-жылга иш-пландар мерчемделди.

Жыл жыйынтыгына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.

Нарын шаарынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу баяндаманы биринчи вице-мэр Давид Курманов жасап, буларга токтолду.

“2019-жылда Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн аныктаган негизиги тармактарда стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду. 2020-жылдын 1-январына карата өнөр-жай продукциясынын көлөмү 890,2 млн сомго өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 98,6% түздү. Өнөр жай тармагында 2019-жыл ичинде бирден бир жетишкендик катары мурунку сүт заводунун базасында “Нарын Сүт-Азык” сүт заводунун ишке киришин белгилеп коюу маанилүү. Ири суммага реконструкция болгон жана 30 жумуш орунун камсыздаган сүт заводу менен биргелишип иш алып баруубуз зарыл. Ошону менен бирге биринчи жолу Нарын шаарында жеке С.Мукамбетов тарабынан 9 млн сомго таш темир бетон чыгаруучу чакан завод ишке кирип, кардарларга даяр бетон куйулмасын сатууда.
2019-жылдын январь-декабрь айларында Нарын шаарында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 182362,5 миң сом түзүп, 101,5% аткарылды. Былтыркы 2018-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу, 2019-жылы салык жыйымдардын чогултуусунун өсүү темпи 99,5% түздү.”-деди, биринчи вице-мэр Давид Курманов.

Мындан сырткары, ири курулуштар, жашылдандыруу, тазалык, жарыктандыруу, жол, мыйзамсыз курулуштар, таза суу, жылуулук ж.б. тармактар боюнча жетишкендиктерге жана кемчиликтерге токтолуп өттү.

Ал эми, Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун жана социалдык мекеме,ишканалар тарабынан 2019-жыл ичинде аткарлыган иштер боюнча маалыматты вице-мэр Салтанат Эсенаманова берди. Бул жаатта ийигиликтер да арбын болуп, ошону менен катар көйгөйлөр да жок эмес. Маселен, саламаттыкты сактоо тармагында дарыгерлердин жетишсиздиги, мектептердеги компьтерлердин тартыштыгы жана жумушсуздук орчундуу маселелерден. Көйгөйлөрдү атап гана тим болбостон, анын чечүү жолун, буга чейин кандай иштер жасалганынына да сары эсеп салып маалыматын жыйынтыктады.

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров 2020-жылга болгон иш-пландары менен облус башчысы Эмилбек Алымкуловго жана жыйынга катышкан мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырды.

Жыл ичинде мүчүлүштүктөргө жол берген айрым жетекчилерге суроо салып, ушул жылы өз тармагында жетишкендиктер арбын болуусун катуу эскертти.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий