Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий ɵнүктүрүү сектору жана социалдык мекеме-ишканалар тарабынан 2014-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат

Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борбору. 2014- жылда  облустук ҮМБу тарабынан калктын ден-соолугун коргоо жана чыӊдоо боюнча, сергек жашоо үлгүсүн калыптандыруу, медициналык жардамдын  сапатын,  натыйжалуулугун жогорулатуу, ооруну алдын алуу, дары-дармектер менен камсыз кылуу,  материалдык-техникалык базаны   жакшыртуу максатында  бир катар  иштер жасалды. Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды  кɵрсɵтүүдɵ 5-ҮДТру жана тез жардам бɵлүмү  иш алып барышат. Бүгүнкү күндɵ Нарын облустук ҮМБда 39 дарыгер, 105-орто медициналык кызматкерлер  эмгектенишет. Дарыгерлер менен камсыз болушу 61,5%  түзсɵ, ал эми орто медициналык кызматкерлер менен камтылышы 100% түзɵт. Бүгүнкү күнгɵ облустук ҮМБна 24 дарыгер жетишпейт (14 үй-бүлɵлүк дарыгер, онколог, нарколог, рентгенолог,логопед, уролог,  эндоскопист, иммунолог, физиотерапевт адистери).  2014-жылы 8 дарыгер, 17 орто медициналык кызматкер ɵздɵрүнүн билим деӊгээлин жогорулатып келишти.

Бүгүнкү күндүн кɵйгɵйлүү маселелеринин бири болуп калкка алгачкы медициналык жардам кɵрсɵтүүдɵ дарыгерлердин кескин жетишсиздиги, ɵзгɵчɵ үй-бүлɵлүк дарыгерлердин жоктугу, кɵрсɵтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдɵ. Иштеп жаткан дарыгерлердин ичинен 55-60 жаштан ɵткɵндɵр 61,5% түзсɵ,  ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер   5,1 % гана түзɵт.

Дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе коюлуп, 2013-2014-жылдарга дарыгерлер тартылып, депозит менен иш алып барышууда. Алсак, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 3, Нарын шаардык үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобуна                 2 дарыгер келип орношуп, жергиликтүү бюджеттен жалпысы 92000 сом батирге тɵлɵнүп берилди.

2014-жыл ичинде ҮМБнун материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында ОМСтин эсебинен  гинекологиялык видео кольпоскоп 315000  сом,ФЭК колориметр 148000 сом, автоклав 684283 сомго, партативный ЭКГ 86511 сомго жана 224687 сомго жана башка медициналык жабдыктар  алынган. 65500 сомго компьютер, принтер, ксерокс 3/1 алынды .

№2ҮДТнун имаратынын ичине 2 кошумча кабинет уюшутурулуп 102 582 сомго текуший ремонт жүргүзүлдү. ҮМБнун айланасын темир тосмолор менен  345000 сомго тургузулду. Тез жардам бɵлүмүнүн имараты жараксыз болуп карылар үйүнɵ кɵчүрүлдү.

Балдардын ден-соолугун чыӊдоо, коргоо багытында 6 айдан 5 жашка чейинки балдар арасында аз кандуулукту азайтуу жана алдын-алуу багытында «Гүлазык» программасы киргизилип, Нарын шаары боюнча Гулазык ала турган  балдардын саны 2585, анын ичинен  баш тартканы 3, азыркы учурда алып жатканы 2582 же 99% түзɵт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 20.06.2006              № 332 «Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы» боюнча амбулатордук шартта бекер дары-дармек менен камсыз кылууда жалпысынан 747  рецепт (2012ж-1007, 2013ж-721) жазылып, 370354 сом  аптекаларга которулуп берилип,  143,0% пайызга аткарылган. Башкача айтканда лимиттен ашып кеткен.

Дары-дармек боюнча  кошумча пакет программасынын  негизинде 6635 рецепт жазылып   1355705  сом 21 тыйын ФОМС тарабынан оорулардын дары-дармектери үчүн кошумча каржыланды. Кошумча пакет программасына берилген лимит 104% аткарылып, лимиттен ашып кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги  тарабынан  жыл  ичинде  дары-дармекке 1 980 016 сомго  8360370 сомго гуманитардык жардам келип,  адрестүү түрдɵ  таратылууда.

Бүгүнкү күндɵ мамлекеттик статистикалык маалымат боюнча Нарын шаарынын калкынын саны-36945, анын ичинен камсыздандырылганы-26559 же 71,8 %, 14 жашка чейинки балдар-11 420 же жалпы калктын  30,9%, 5жашка чейинки балдар- 4700же 12,7%, 1 жашка чейинки балдар -942 же 2,5%, тɵрɵт жашындагы аялдар -9650 же 26,1% ти түздү.

Облустук ҮМБда жана ҮДТда 2014-жылы 141 959 кабыл  алуу болуп (2012ж 141107, 2013-150629) былтыркы жылга салыштырмалуу 8670ге кабыл алуу азайган, үй-бүлɵлүк дарыгерлердин күнɵɵсү менен. Ал эми  үйдɵн жардам кɵрсɵтүү 1427 ге   кɵбɵйгɵн (2014ж-10728, 2013-ж-9301,2012ж-9595).

Нарын шаары боюнча 2014 жылга-1268  (2012-1212, 2013-жылга-1201) мүмкүнчүлүгү чектелген адам катталган 2013  жылга  салыштырмалуу 5,2% кɵбɵйгɵн, а.и.18жашка чейинки балдар 303 (2013ж. -267) учурду түзɵт. Чоӊ кишилер арасында биринчи жолу майыпка чыккандар 65 (2013ж.-34) же салыштырмалуу 47,6% ке кɵбɵйгɵн, ал эми балдар арасында биринчи жолу майыпка чыккандар -46(2013ж-18) же 39,1% кɵбɵйгɵн.

Тез жардам бɵлүмүнɵ 2014-жылга 7618 (2013жылга  7038) чакырык болгон 580 чакырыкка кɵбɵйгɵн, ал эми 500 адамга амбулатордук жардам кɵрсɵтүлгɵн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдын 21-октябрындагы №578-буйругунун негизинде тез жардам шаардык жана райондук болуп бɵлүнгɵн. Бɵлүнгɵнгɵ чейин Нарын шаарын жана районду 2 тез жардам бригадасы тейлеп келсе, азыркы учурда шаарды 1 тез жардам тейлɵɵдɵ. 2015-жылдын январь айынын 15 күнүнɵ анализ жүргүзүлгɵн учурда тез жардамды чакыруу бир күндɵ 13тɵн 26 учурга чейин катталган. Чакырыктар ɵз убагында тейленбей калып, элден нааразычылыктар түшүп, 30 дан 90 минутка чейин кечигип баруулар болуп, жетишпей жаткандыгын белгилɵɵгɵ болот.

2014-жыл ичинде Нарын шаарында жалпы ɵлгɵндɵрдүн саны-234 учур болуп,   (2013ж.-267) салыштырмалуу 14,1% азайган.

Балдар кызматы боюнча: Нарын шаары боюнча салыштырмалуу 2014-жылы 1058 бала тɵрɵлүп, салыштырмалуу 127  балага кɵп  тɵрɵлгɵн (2013ж.-931). Анын ичинен ɵлүү тɵрɵлгɵнү 8 учур (2013ж-7), 14 жашка чейин ɵлгɵнү 22 учур болуп, салыштырмалуу   6 учурга азайган (2013ж.- 28).                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                   1 жашка чейин ɵлгɵн балдардын саны-21 учурдан-19 учурга азайып  ɵлүм кɵрсɵткүчү 18,1 түздү (2012-ж.-24,5,2013 ж 22,7).  1-жашка чейин ооруканада ɵлгɵн балдар 2013-ж.9 бала катталып, (2012-ж.-7, 2013-ж.6) былтыркы жылга салыштырмалуу 3 учурга кɵбɵйгɵн.

ВИЧСПИД боюнча:  2014-жылы Нарын шаары боюнча баардыгы болуп 1881 анализ ВИЧСПИДке алынып, 2013-жылга салыштырмалуу бирдей жазалган (2013-1881), анын ичинен 191 венерикалык оорулар, 1258 кош бойлуулар, 148 клиникалык кɵрсɵткүчтɵрү барлар, 5 наркомандар, 147 медициналык кызматкерлер, кан боюнча реципиенттер-37 учур, туберкулез-37 жана башкалар 58 учур болду. Нарын шаары боюнча жалпы катталганы 11 учур, мунун  ичинен 3 адам каза болду. 2014-жылы биринчи жолу СПИД оорусу менен 1 (2013ж-2) учур катталган. Бүгүнкү күндɵ шаар боюнча СПИД оорусу менен ооруган 9 адам бар.

Нарын шаарында жугушутуу оорулар 2014-жылга 672 учур катталып, 2013-жылга салыштырмалуу 842 учур болуп 1,2 эсеге азайган.

Бруцелез оорусу 2014-жылы 18 учур катталса,  салыштырмалуу 2013 жылы 23 учур (2012ж-27 ) катталып 5 учурга азайган. Жалпы сарык оорусу 2014-жылга 57 учур  катталса, салыштырмалуу  2013-жылы 196 учур катталып, 139 учурга азайган. Нарын шаары  боюнча жалпы кургак учук оорусу боюнча 80 оору каттоодо турат.

2014- жылга жаӊы катталган оорулардын саны 50,  былтыркы жылга  салыштырмалуу 17 ооруга  кɵп катталды. Балдар арасында 2014-жылы  кургак учук  оорусу катталган жок. +спүрүмдɵр  арасында  2014 жылы 3 кургак учук оорусу катталган болсо, салыштырмалуу 2013-жылга (2 учур) 1 учурга кɵп катталган.

«Калкты кургак учуктан сактоо» мыйзамдын негизинде кургак учук менен ооруп калган ооруларга ооруканаларга жана санаториялык дарылоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына 1 жолу тɵлɵп берүү жагы каралып, жылыга Нарын шаардык шаардык мэриясы тарабынан  жергиликтүү бюджеттен 2013-жылы 50,0 миӊ сом, 2014 –жылы  70 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп берилген. Мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджет бул акча акча каражаты жол киресине гана бериле турган болсо, дары дармекке дагы пайдаланып кеткен.

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана ɵзгɵчɵ коркунучтуу инфекциялар оорулар боюнча шаардык кɵп секторлуу координациялык комитеттин отурумунда жылдын башында 4 маселе бекитилип, каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жергиликтүү бюджеттен саламаттыкты сактоо боюнча ɵткɵрүлгɵн иш-чараларга 30,0 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп берилип, пайдаланылды. Бир топ иштер жүргүзүлүп жатса дагы кээ бир кɵйгɵйлɵр орун алып келет.

Медициналык жабдыктар жетишсиз. Атай кетсек, флюроаппарат, рентген аппарат, ЭГДС зарыл болууда. Ак-Коргон чɵлкɵмүнɵ караштуу №3 үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобунун имараты азыркы учурда абалы начар. Агахан фондусу аркылуу жаӊы курулууга пландалып, чечилбей келет. Тез жардамдын эски имараты азыркы күндɵ толугу менен жабылып турат. 2015-жылдын курулуш иш-планына киргизип берүү жагы.

Шаардык билим берүү бɵлүмү. Шаардык билим берүү бɵлүмү шаарыбыздын ɵсүп келе жаткан жаш муундарына билим тарбия берүүдɵ иштеп жаткан  8 мектеп, 6 балдар бакчасы, 2 спорт мектебине жалпы жетекчилик кылат.

Нарын шаарындагы орто мектептерде 2014-2015-окуу жылында 7105  (2013-2014-ж 7090 окуучу) окуучуга 529 мугалим, ал эми  балдар бакчаларында 1799 (1708)тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.

Ремонт иштери боюнча. 2013-2014-окуу жылына карата мектеп жана  балдар бакчаларга  ремонт иштери үчүн 2 млн 408 миӊ 700 сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен 1 млн 735 миӊ 800 сом, республикалык бюджеттен орто мектептерге жалпысы  672 900 сом акча -каражаты бɵлүнүп ремонт иштерине  жумшалды.

Ысык тамак боюнча. Шаардагы мектептердин 1-4-класстарынын 3097 окуучусуна республикалык бюджеттин эсебинен ар бир балага 10 сом ɵлчɵмүндɵ жалпысы 5млн 262 мин 200 сомго ысык тамак берилип жатат. Мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон шарттар түзүлгɵн.

2014-2015-окуу жылынын башталышы менен мектептерде жана балдар бакчаларында окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, азык-түлүк  сатып алуу тендердик негизде ɵткɵрүлɵт.

Шаарыбыздагы мектеп жана балдар бакчалар материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана инвестиция тартуу программасынын жана долбоорлор менен иштɵɵ багытында  жалпысынан 3 519 954 сом, мунун  ичинен жергиликтүү бюджеттен  ɵздүк салым үчүн 1 142 228 сом акча каражаты бɵлүнүп берилген.   Мектептер  жана бала бакчалар  МэрсиКО  Эл аралык уюмунун программасына катышып, алардын колдоосу менен мектептин ашканасын жакшыртуу жана эмеректер, жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча долбоору ишке ашты. Долбоор боюнча биринчи этапта №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназия, №4 Э.Ибраев атындагы орто мектеп, №5 К.Жакыпов атындагы орто мектеп, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп жана №8 А.Буйлаш уулу атындагы  орто мектепке  «Мерсико» уюму тарабынан мектептин ашканаларына ремонт иштери жүргүзүлүп,  муздаткыч,   нан бышыргыч, 40 литр суу кайнатуучу термос алынып келинген, экинчи этабында окуучуларга тамак-аш азыктары берилмекчи.

Долбоордун жалпы суммасы 1 787 954 сом,   30% ɵздүк салым 555 850 сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен 30% ɵздүк салым 555 850 сом чечилип берилип, 14-август 2014-жылы  №4 Э.Ибраев орто мектебине 5 тонна, №5 К.Жакыпов орто мектебине 2,5 тонна, №7 М.Сыдыков орто мектебине 8 тонна, №8 орто мектепке 11,5 тонна тамак-аш азыктары  алынып келинген,аталган мектептерде ашпозчу штаты ушул убакка чейин чечилбей жаткандыгына байланыштуу,жергиликтүү бюджеттен   айына 5000 сомдон 20000 (жыйырма миӊ)сом жогорудагы мектептерге  2015-жылдын май айына чейин чечилип берилди. 2015-жылдын 19-январынан баштап мектептерде  каша жана булочка бериле баштады.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 100 инновациялык программа боюнча  мектеп директорлоруна ачык конкурс жарыяланган. Конкурска шаарыбыздын №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы жана №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп катышып, 2 млн. сомдук инвестициясы тартылып, аталган эки мектептин  ар бирине   проект  боюнча  мектепке 466280 сомдун проектиси менен 129340 сомго химия, физика кабинеттерине мебелдер, 236010 сомго 3 интерактивдүү доска, 230270 сомго 10 даана персоналдык компьютерлер алынып келинди. география, биология, химия, физика жана компьютердик класска эмеректер алынып келинип, балдарга сабактар бериле баштады.

Билим сапаты боюнча. Предметтик олимпиаданын шаардык туру 10 сабак боюнча ɵткɵрүлүп, 350 окуучу катышып, мунун ичинен 1-орунга ээ болгон 34 окуучу  облустук турга жолдомо алышып, анын ичинен 5 окуучу республикалык турга катышкан .

Предметтик олимпиаданын республикалык турунда орунга ээ болгон окуучулар  

Аты-жɵнүсабагыклассы, мектебиЭэлеген орду1Мааткеримов Айтбек Мааткеримовичгеография11-класс,

№7 М.Сыдыков о/м

V-орун2Тɵлɵнбеков Данил Тɵлɵнбековичинформатика11-класс,

№8 А.Буйлаш уулу о/м

V-орун3Бектурсун уулу Эсентуртарых11-класс,

№8 А.Буйлаш уулу о/м

I-орун4Маратбекова Мээрим Маратбековнаорус тили жана адабият10-класс,

№10 Ж.Чолпонбаев

VI-орун5Нурбек кызы Маликахимия10-класс,

№10 Ж.Чолпонбаев

IV-орун

2014-жылдын 13-декабрында жалпы билим берүчү орто мектептер арасында предметтик олимпиаданын шаардык туру А.Буйлаш у. №8 орто мектебинин базасында 11 сабак боюнча ɵткɵрүлүп, 8-мектептин 9-10-11-класстарынан 295 окуучу катышты.мунун ичинен 52 окуучу 1-орунду камсыз кылышкан.

Мектептер боюнча алганда:

-№10 Ж.Чолпонбаев о/м -1 орун;

-№2 Чкалов м/г -2-орун;

-№8 Арстанбек Буйлаш у. 3-орун;

-№7 М.Сыдыков о/м -4-орунга ээ болушкан.

2012-2013-окуу жылында 9-класстын бүтүрүүчүлɵрүнүн жалпы саны  567 окуучу, артыкчылык күбɵлүгүнɵ 48 окуучу, 11- класстын бүтүрүүчүлɵрүнүн саны  323 окуучу анын ичинен 26 окуучу артыкчылык  аттестатка ээ болсо,   2013-2014- окуу жылында жалпысынан 9-классты 618 окуучу, анын ичинен 55 окуучу артыкчылык күбɵлүгүнɵ,  11-классты 376 окуучу, анын ичинен 36 окуучусу артыкчылык аттестатына талапкер болуп, 11-класстын улуттук тестирлɵɵсүнүн жыйынтыгы менен 11 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Нарын шаарында 2013-2014-окуу жылында орто мектептердин бүтүрүүчүлɵрдүн  арасында жалпы  республикалык тесттирлɵɵдɵ тɵмɵндɵгү окуучулар жогорку баллга ээ болушту:

1. Бектурсун уулу Эсентур-209 балл  №8 орто мектеби

2. Табылды кызы Гүлзат  —  200 балл   №8 орто мектеби

3.Усенбаева Бегимай-196 балл  В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназия

Компьютерлер боюнча маалымат: жалпы орто мектептер  компьютер менен 50%,   принтер, факс, ксерокс аппараттары менен 45% камсыз болгон.

Окуу китептер менен камсыз болушу: Китепкана фондусундагы окуу китептери, кɵркɵм адабияттар жана  методикалык китептер   менен камсыз болуусу 77 % түзɵт. Орус тилде окуган 1-11-класстар  їчїн бардык предметтен окуу китептердин камсыз болушу 45 %, кыргыз класстар үчүн 85 пайызды түзɵт.

Жергиликтүү бюджеттен  жалпысы 251 миӊ сом ар кандай иш-чараларга жана кароо-сынактардын жеӊүүчүлɵрүнɵ акчалай сыйлыктар үчүн бɵлүнгɵн. Нарын шаардык билим берүү  бɵлүмүнɵ караштуу мектептерде билим берүүнүн натыйжалуулугун кɵтɵрүү, окуучулардын сапаттуу, жогорку дэӊгээлде билим алуусуна ɵбɵлгɵ түзүү максатында мыкты окуган, коомдук ишке активдүү катышкан 61 окуучуларга жана предметтик олимпиаданын    республикалык турунда 1-орунду тарых сабагынан камсыз кылган А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектебинин  1 окуучусуна 3000 сомдон, окуткан 1 мугалимге 3000 сом, жалпысынан 61 окучууга 25-май «Акыркы коӊгуроо» салтанаттуу аземинде Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Диплому, ошондой эле  1000 миӊ сомдон  жергиликтүү бюджеттен 71 миӊ сом Нарын шаарынын мэринин стипендиясы  тапшырылды.Мындан тышкары шаарыбыздагы орто мектептердин  11 мугалими Ысык-Кɵл облусунун Чолпон Ата шаарындагы  «Саулык» эс алуу үйүнɵ  келишимдин негизинде эс алууга 38400 сом, “Улан” балдардын ден соолук чыӊдоо борборуна социалдык жактан колдоого муктаж 14 баланы жеткирип келүү үчүн 12000 берилген. 2014-жыл «Мамлекеттүүлүктү  бекемдɵɵ» жылына карата мектептер аралык «Жылдын мыкты мугалими» -2014 кароо-сынагы мектептер арасында,  “Жылдын мыкты тарбиячысы-2014” кароо-сынагы балдар бакчалар арасында ɵткɵрүлүп, жеӊүүчүлɵргɵ акчалай сыйлыктар, жалпы 26000 сом жумшалган. Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектебинин “Наристе” бийчилер тобу“Жаш талант-2014” кароо-сынагынын республикалык туруна катышууга форма тиктирүү үчүн жана жол киресине 11000 сом бɵлүнүп берилген. Кароо-сынактан  I орунду камсыз кылышты.

Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты бала бакчасы” кароо-сынагына шаарыбыздагы Токтогул атындагы №1 орто мектеби жана №14 “Алтын балалык” балдар бакчасы катышып,  жыйынтыгында №14 “Алтын балалык” балдар бакчасы “Мыкты бала бакча” номинациясына ээ болуп, 100 000 сом  жана  диплом менен сыйланды.

Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаеванын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун бири болгон “жайлоо шартындагы балдар бакчасын” ишке ашыруу максатында Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык Кеӊеши тарабынан  115000 сом каралып, №2 “Чебурашка”, №17 “Ынтымак”, №18 “Ак Дил” №16 “Ыйман”, №14 “Алтын балалык”балдар бакчаларына боз үй алынып  берилди.

Шаардагы учурдун социалдык тармактагы  кɵйгɵйлүү маселелердин бири балдар бакчаларынын жетишсиздиги. Шаарда жылдан жылга калктын санын ɵсүшү менен балдар бакчаларына баруучу балдардын  да саны ɵсүүдɵ. Шаарыбыздагы 6 балдар бакчасына нормага ылайык 700 гɵ чукул бала алыныш керек болсо, бүгүнкү күндɵ нормадан сырткары  1799 бала тарбияланып келет. Жаӊы заманбап  балдар бакчасын куруу ири суммадагы акча каражатын талап кылгандыктан, курууга мүмкүнчүлүк болбой келет.   Бирок ага карабастан абалдан чыгуу максатында талапка ылайык жеке турак-жайлар ижарага алынып, кошумча тайпалар ачылууда. Шаардын Чыгыш аймагында  ушул кɵйгɵйлүү маселе жаралып,2013-2014-окуу жылында № 18 “Ак-дил” балдар бакчасына 2 кабаттуу үй 5 жылдык мɵɵнɵткɵ  ижарага алынып, шаардык Кеӊештин депутаттардын жардамы менен 900 000 заманбап ремонт иштери жүргүзүлүп,  бүгүнкү күндɵ кошумча балдар кабыл алынды.Мындан тышкары 2014-2015-окуу жылында август айында кошумча имарат ижарага алынып, ремонт иштери жүргүзүлүп ишке берилип, азыркы учурда 35 бала тарбияланууда.

Мындан сырткары  шаарга 150 орунду 3 заманбап балдар бакчасы куруу маселеси жогорку органдарга сунушталып, Нарын облусунун Жол картасына киргизилди. 2013-2014-окуу жылында окуучулардын, жаш ɵспүрүмдɵрдүн арасында  кылмыштуулуктуу алдын-алуу боюнча  жана  ички жүрүм –турумуна кɵзɵмɵл кылуу максатында мектептерге видео камера коюу боюнча тапшырмалар берилген. Видео камера орнотуу   ата-энелерден балдардын коопсуздугун кароо үчүн чогултулуп жүргɵн акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлмɵк. Азыркы учурда №1 Токтогул атындагы орто мектеби     40000 сомго 8 видео камера, №4 Э.Ибраев атындагы орто   мектептин ичи-сыртына 35450 сомго 4 камера, 8 каналдык видеорегистратор коюлган, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин ичи-сыртына 6 камера  жана №8 орто мектептин ичине 5, сыртына 1, жалпысы 6 камера жана 16 каналдык видеорегистратор коюлган. №2, №10, №5, №9 орто мектептеринде коюла элек.

Нарын шаарынын аймагында 2014-жыл ичинде  жаш ɵспүрүмдɵр тарабынан жасалган 8 (2013-ж 6 ) кылмыш катталган.  Бул кылмыштар  12 ɵспүрүм тарабынан жасалган болсо, анын ичинен 7 мектеп окуучусу, 1 орто окуу жайда окуйт жана 4 окубаган ɵспүрүмдɵр жана кылмыш жасагандан кийин 4 ɵспүрүм 18 жашка чыгышкан.

Жаш ɵспүрүмдɵр менен иштɵɵ инспекциясынын алдын алуу каттоосунда жылдын башында  36  (2013-ж 25) ɵспүрүм турган, ɵспүрүм алдын алуу каттоосуна алынып, оӊолуу жолуна жана жашка толгондугуна байланыштуу 18 (2013-ж 16) ɵспүрүм алдын алуу каттоосунан чыгарылып, 36 (2013-ж 33) жаш ɵспүрүм ар кандай тартип бузгандыгы жана коомго жат кɵрүнүштɵрдү жазагандыктары учун каттоодо  турат.

Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүндɵ жаш ɵспүрүмдɵр менен иштɵɵ боюнча инспекциясынын буга чейин 3  кызматкери  эмгектенип келсе, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен дагы кошумча 4 кызматкер иш алып барууда. 

Жаш ɵспүрүмдɵр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында Нарын шаардык мэриясы, ички иштер, билим берүү бɵлүмдɵрү жана башка тийиштүү органдар тарабынан тиешелүү ɵспүрүмдɵр арасындагы укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алууда “Допинг”, “Селсаяк”, “Камкордук” аталыштагы алдын алуу иш чаралар ɵткɵрүлүп, базарлар, компьютердик клубдарга рейддер  уюштурулуп келинүүдɵ.

Шаардык мэриянын алдындагы балдар иштɵɵ комиссиясына 12 айдын ичинде   20  сунуш  келип, сунуштар ɵз убагында каралып тиешелүү чаралар кɵрүлдү. 2013-2014-окуу жылында билим берүү мекемелеринде  аткарылып жаткан иштерге карабастан айрым мектептерде пед.коллективдер арасында арыз даттануулар, ɵз ара чыр-чатактар кɵбɵйүп, директорлорду алмаштырууга алып келди.

Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн 2014-жылга карата коллегиялык кеӊешинин бекитилген маселеринин бир дагы жыл ичинде каралган эмес.   Шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы У.Турсуновдун ишиндеги кемчиликтер үчүн бир канча жолу эскертүүлɵр берилген.  Алсак, 2014-жылдын 30-апрелинде ɵткɵн мэриянын коллегиясынын заседаниесинде билим берүү мекемелеринин   жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы тууралуу маселе каралып, кетирген кемчиликтери үчүн У.Турсуновго “катуу сɵгүш” жазасы берилген.

Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги коллегиясынын чечими менен тендер ɵткɵрүүдɵ кетирилген кемчиликтер үчүн “эскертүү” жазасы берилген.

Нарын шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 16-июлундагы сессиясында каралып, кызмат абалы чечүү жагы мэрияга тапшырылып, Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы У.Турсуновдун кызмат абалын чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш жазылган. Биздин каттын негизинде министрлик  Нарын облустук усулдук билим берүү бɵлүмүнɵ териштирүү жагын тапшырып, бүгүнкү күндɵ  текшерүү иштери жүргүзүлүүдɵ.

Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгы: Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык ɵнүгүү министрлигинин 26.09.2013-жылдагы №104 буйругу менен  бекип, 04.10.2013-жылы юстиция министрлигинен каттоодон ɵтүп, ушул жобонун негизинде башкармалык иш алып барат. Бүгүнкү күндɵ 29 штаттык бирдик каралып, 27 кызматкер эмгектенишет, 3 бɵлүм 2 сектор жумуш алып барат. Кыргыз Республикасынын Социалдык ɵнүгүү  министрлигинин 2013-жылдын 26-сентябрындагы №104-буйругуна ылайык социалдык кызматкерлерге 7 штаттык бирдик бекитилген, бирок 5 социалдык кызматкер иш алып барууда.  Жылыга жергиликтүү бюджетти бекитүүдɵ сунушталып, чечилбей келүүдɵ. (айлык акылары аз, ɵргүүгɵ чыккан убакта дарылануучу жɵлɵкпул каралбай. Жол киреге акча каражаты)

Мамлекеттик жɵлɵкпулдарды, акчалай компенсацияларды чектɵɵ боюнча

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жɵлɵкпул жɵнүндɵгү» мыйзамына ылайык жɵлɵкпулдарды чектɵɵдɵ жана тɵлɵɵдɵ тɵмɵндɵгүдɵй иштер аткарылды. Мыйзамдын талаптарына ылайык Нарын шаары боюнча 2015-жылдын 1-январынын абалына 1138 аз камсыз болгон үй бүлɵгɵ, же 2476 балага ай сайын берилүүчү жɵлɵкпул чектелди. Ал эми социалдык жɵлɵкпул алуучулардын саны 1325 адамды түзɵт.

2015-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жɵлɵкпулду тɵлɵɵгɵ жалпы керектелүүчү сумма 80 231,4 миӊ сом түздү.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 11.11.2011-жылдагы, «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жɵлɵкпулду, кош бойлуулук жана тɵрɵт боюнча жɵлɵкпулду дайындоо, тɵлɵɵ тартиби жана ɵлчɵмү жɵнүндɵ Жобону жана Расымдык (сɵɵк коюу боюнча) жɵлɵкпулду дайындоо, тɵлɵɵ тартиби жана ɵлчɵмү жɵнүндɵ Жобону бекитүү тууралу» жɵнүндɵгү №727 токтомуна ылайык республикалык бюджеттин эсебинен эмгекке жарамсыздык баракчасы жана расымдык жɵлɵкпул (погребение) боюнча баардыгы 640 жаранга 17612,4 мин сом дайындалып, республикалык бюджеттен толугу менен каржыланды. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен расымдык жɵлɵкпул 27 адамга 51,9 миӊ сом (1925 сом) берилди.

Акчалай компенсация чектɵɵ боюнча: Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгында 01.01.2015-жылдын абалына карата акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 523 жаран каттоодо турушат.

Каттоодо турган бул категориядагы жарандарга Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 22.12.2009-жылдагы №795 токтомуна ылайык 2014-жыл ичинде 523 жаранга 11554,4  миӊ сом чектелип, тɵлɵɵ  толугу менен  жүргүзүлдү.

Жергиликтүү бюджеттен жеӊилдиктер статьясынан 992,3 сом каралып, мыйзам чегинде каржыланып   берилди. Мындан сырткары башкармалыкта каттоодо турган 45 жоокер интернационалистке  жана эки  курман  болгон жоокердин үй  бүлɵсүнɵ беш  мин сомдон, бардыгы 235,0 мин сом республикалык бюджеттин эсебинен 47 адамга  Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен жергиликтуу  бюджеттин  эсебинен ар  бирине бир мин сомдон 47,0 мин сом материалдык жардам жана иш-чара ɵткɵрүүгɵ 30 000 сом сарпталды.

Нарын шаардык мэриясынын 29.04.2014-жылдагы №156-б буйругу менен Улуу Жеӊиштин 69-жылдыгын белгилɵɵгɵ иш-чара кабыл алынып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен согуштун 4 ардагерине жана 9 ооруктун майыптарына  кɵӊүл буруп, куттуктоо максатында  13000 сом жана иш чараны ɵткɵрүү үчүн 25000 сом, жалпысы 38000 сом чечилип берилип,  09.05.2014-жылы 9-май жениш күнүнɵ арналган салтанаттуу жыйын ɵттү. Нарын шаары боюнча 1676 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн №469 токтомунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бɵлмɵ арасында жүрүүчү кресло-коляска менен 8 адам камсыз болду, жалпы оорунун 63 жаранына дарыгердин жолдомосунун негизинде КРнын социалдык ɵнүгүү министрлигине курорттук-санаторияларга заявка берилип, мунун ичинен 24 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 344 770 сомдук жолдомо акысыз берилип   дарыланып келишти. Толук камсыздалбай калышынын себеби, Кыргыз Республикасынын социалдык ɵнүгүү министрлиги тарабынан берилген жок.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы     № 802 токтомуна ылайык 01.01.2015-жылга карата Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгы тарабынан 4 587 үй-бүлɵгɵ же 18170  адамга, башкача айтканда жалпы түтүндүн 46,8 пайызына  жаӊы үлгүдɵгү социалдык паспорттор толтурулуп, жакырчылыктын деӊгээли 37,4 пайызды түзɵт.

01.01.2015-жылга карата  тоголок жетимдердин саны 39, жарты жетимдердин саны   290, социалдык жетимдердин саны 35 баланы түзɵт.

Толтурулган социалдык паспорт боюнча жалпы жалгыз бой пенсионерлердин саны 87 адам, мунун ичинен багып каралашууга жакын адамы жок жалгыз бой пенсионерлердин саны 37 адам. 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен иш-чара кабыл алынып, “Жаштар сарайында” шаардагы  айымдарды куттуктап чакан концерт берилип, 60000 сом жергиликтүү бюджеттен бɵлүнүп, чакан белектер берилди.

01.01.2015-жылга карата Нарын шаардык мэриясына арыз менен кайрылган жарандардын ичинен жашоо шарты начар, аз камсыз 35 жаранга  материалдык жардам катары 57300 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен чечилип берилген жана  башкармалыкка ар кандай жардам сурап, арыз менен  712 адам кайрылып, ɵз убагында жеринде барып изилдɵɵ актысын түзүү менен жооптору тиешелүү жактарга жɵнɵтүлуп, жардамдар кɵрсɵтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Каипов тарабынан 2014-жылдын февраль айында Нарын шаарында жашаган айрым аз камсыз болгон үй бүлɵлɵргɵ жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга же 10 үй бүлɵлɵргɵ ар бирине 5,0 мин сомдон, 1 үй бүлɵгɵ 10,0 мин сом, 1 үй бүлɵгɵ 20,0 мин сом башкача айтканда 12 үй бүлɵгɵ бардыгы 80,0 мин сом акчалай жардам берилди.

7-апрель Элдик революция күнүнɵ карата Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жаракат алган 27 жаранга ар бирине 1000 сомдон же бардыгы 27000 сом жана активдуу катышуучуларга 18000 сом, иш-чараны ɵткɵрүүгɵ 6000 сом, жалпысы 51000 сом чечилип берилген.

2014-жылдын 1-июнь балдарды коргоо күнүнɵ карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11500 сом акча каражаты каржыланып, шаар ичиндеги парктарда 5000 даана балмуздактар балдарга бекер таратылып берилди.

Улгайган жарандардын күнүнɵ карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48000 сом бɵлүнүп, 80-90 жашка чейинки 170 адамга -200 сомдон, 90 жаштан 100 жашка чейинки 22 адамга -500 сомдон, 100 жаштан ашкан 3 адамга 1000 сомдон «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалы аркылуу материалдык жардам кɵрсɵтүлдү.

Жергиликтуу бюджеттен 2014-2015-жылдын кыш айларына карата кɵмүрдүн ордуна акчалай компенсация 546 үй бүлɵгɵ ар бирине 1000 сомдон, жалпысы 546 000 сом акча каражаты каралып, ведомостор почта байланыш бɵлүмдɵрүнɵ жɵнɵтүлүп, тɵлɵɵлɵр жүргүзүлдү.

2014-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн демилгеси менен  демɵɵрчүлүк кылган кɵмүр ишканалар  тарабынан тартылып келген 177 240 тн. кɵмүр  Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынып, Нарын шаарында жашаган  аз камсыз, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана 7-апрель Элдик революциясынын катышуучуларына  ар бирине 1 тоннадан бекер кɵмүр таратылып берилди.

Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгы 2014-жыл ичинде   Нарын шаары боюнча 7765 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 40,6 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5224 сом, ал эми  2013-жылы  7798 адам түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 38,9 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 4994 сомду түздү. 2014- жылдын  ичинде  335 адамга пенсия жаӊы дайындалган. 2013-2014-жылдардын ичинде мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан каражаттарды тɵлɵп берүү үчүн Нарын шаары боюнча  1701 адамдын документтери кабыл алынып, 1697 адамга тɵлɵнүп берилди.

2014 жылдын жыйынтыгы боюнча  камсыздандыруу взносун чогултуу планы 381,1 млн сом бекитилсе 446,8 млн.сом чогултулуп  план тапшырма  117,3  % аткарылды. 2013-жылы план 398,8 миӊ сом бекитилсе 381,1 миӊ чогултулуп, план тапшырма 95,7 пайызга аткарылган.

Бирдиктүү терезе» аркылуу 256  жеке  ишкер каттоодон ɵтүп, 1,3 млн  сомго  камсыздандыруу полистери  сатылды.       

Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын райондук-Нарын шаардык  бɵлүмү. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга кɵмɵктɵшүү жɵнүндɵгү» мыйзамынын  жана мыйзамга ылайык чыгарылган жоболорунун, жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын токтомдорунун аткарылышы алкагында  иштер  аткарылып  келет.

Нарын шаардык  бɵлүмүнɵ жумуш табуу  максатында  2014-жыл ичинде 770 атуул кайрылып, ɵткɵн жылы 2013-жылдын ушул мезгилине 826 адам   кайрылып, 93,0 пайызды түздү.  2015-жылдын 1-январына карата 1678 жумушсуз  атуулдар каттоодо туруп, жумушсуздуктун деӊгээли 6,8 пайызды түзɵт. 2013-жылга караганда жумушсуздардын саны 1,0 пайызга азайган.

Отчеттуулук мезгилдин аягында каттодо турган жумушсуздардын ичинен 16-28 жашка чейинки жаштар 58,0 пайызын же   972 адамды  түздү. Жумушсуз  жарандарды иш менен камсыз кылууда ɵз алдынча жумуш менен алектенүүсү үчүн кичи кредиттер 2014-жыл ичинде  33 адамга жалпы суммасы 1244,0 мин сомго кайтарымдуу кичи кредиттер  берилди. Булар  мал — чарбачылык иштери жүргүзүүгɵ жана соода — сатык иштерине берилди.

Акы тɵлɵнүүчү коомдук жумуштар  уюштурулуп, мындай жумуштарга 2014-жылдын жыйынтыгы менен 53 адам акы тɵлɵнүүчү коомдук жумуштарга   тартылды. Акы тɵлɵнүүчү коомдук жумуштарда иштеген  адамдардын  эмгек акысы 1500 сомду түздү. Коомдук жумуштар негизинен шаардын социалдык- маданий обьектилерин ремонттоо иштерине багытталып, жумушсуздар убактылуу жумуштар менен камсыз кылынды. Алсак, жаштардын сергек жашоосу учун спорт комплексинин ремонту, жаштар үйүнүн канализациясынын ремонту, Нарын райондук мамлекеттик администрациясында, шаардык ички иштер бɵлүмүндɵ жана жол кайгуул кызматында кагаз иштери боюнча жумуштар аткарылды. Нарын шаарындагы ардагерлер ооруканасынын сантүтүктɵрү, жаштар үйүнүн канализациясынын ремонту,   «Занятость» коомдук бирикмесинин ремонту, облустук администрациясынын алдындагы майыптар үчүн пандустун курулушу долбоорлордун үстүндɵ  иштɵɵ менен бүткɵрүлдү.

Жумушсуздар арасынан ɵз кесибин ɵзгɵртүүнү каалаган же кесиби  жокторго кесиптик жактан багыт берүүдɵ 2014- жыл ичинде 81  жумушсуз жаштар кесиптик окууга жиберилип, булар Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде, Борбордук Азия Университетинин алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде жана элди окутуу борборлорунда  окуу  иштери жүргүзүлдү.  Бɵлүм тарабынан окууга жиберилген жумушсуздар  эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге чач тарач, электр ширетүүчү, жыгач уста, үйлɵрдү жылуулоо, жеке ишкердик жүргүзүү, компьютерде иштɵɵ ыкмаларына, тигүүчү жана бухгалтердик эсеп иштери боюнча билим алышты.2014-жыл  ичинде 4 адамга  жумушсуздук жɵлɵкпул чектелди.

Жумуш издɵɵчүлɵргɵ, жумушсуз калкка  эмгекке байланышкан  ар түркүн мазмундагы суроолорго  2014-жыл  ичинде 1557 атуулга  кеп- кеӊештер берилди. Эмгек рыногундагы абал жана чет ɵлкɵдɵгү вакансиялар боюнча укуктук маалыматтар дайыма  берилип турат.

Нарын шаарынын жаштар тармагын  2015-2020-жылдарга карата ɵнүктүрүүнүн стратегиясын иштɵɵ боюнча Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, Нарын шаардык Кеӊешинин сессиясында каралып, бекитилип, иш алып барылууда. Бул бɵлүмдүн аталышы Эмгек, миграция жана жаштар иштери  боюнча бɵлүм деп аталышы айтып турса да, жаштар саясаты боюнча эч кандай иш жүргүзүлгɵн эмес.

Шаардык китепкана. Жыл  ичинде  белгиленген  пландын  негизинде  иш  алынып  барылууда.

 Негизги  кɵрсɵткүчтɵр  2013 —

  жыл

   2014 — 

   жыл

ɵсүш % 1Жалпы  китеп  фонду  61 067  62 554  4870,7 2Пайдалануучулар   8 641   8 650   90,1 3Китепканалык  катыш 108 186 108 397  2110,2 4Китептин  берилиши 172 222 172 449 2270,1

Китепканада  «Токтом»  системасын  пайдалануу  менен  укуктук  маалыматтар  берилди. “Токтом”  маалымат  базасынын  бир  жылдык жазылуусу  5 500 сом, укуктук — экономикалык  маалымат  борборуна    1 компьютер  келди. Ата-энелер  үчүн  ресурстук борбор  ачылып, 1 компьютер  берилди,  баасы  35 240 сом. 14-ноябрдан  баштап  пайдалануучулар  Интернет байланышы  менен  тейлене  баштады. Шаардык  китепкананын  китеп  фондусу  499  нускадагы  илимдин тармактары боюнча жана кɵркɵм адабияттар менен толукталып, баасы    91 290 сомду  түздү (2013-ж. 897 нуска баасы 100 931 сом).

Нарын шаардык  Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде 24 мугалим эмгектенип, Учурда мектепте 214 окуучу музыкалык аспаптарда жана музыкага үйрɵнүп, билим алышат. Окуучулар комуз, фортепиано, баян-аккордеон, чоор-сыбызгы бɵлүмдɵрүндɵ улуттук аспап боюнча 5 жыл, ал эми 7 жыл окушуп, бүткɵндɵн кийин Маданият жана маалымат министрлигинин күбɵлүгүнɵ ээ болушат. Ар бɵлүмдɵр боюнча окуу жыл башында мугалимдердин кеӊешмесинде каралып, жарым жылдык иш-пландары бекитилип, иш-пландын негизинде иш алып барышат. 2013-2014-окуу жылында 17 окуучу музыкалык билимге ээ болушса, ал эми  2014-2015-жылында 16  окуучу мектепти  аяктаганы турат.

Музыкалык мектептин демилгеси менен «Устат шакирт» коомдук уюму тарабынан кыргыз элинин улуттук аспаптарында туура ойноо боюнча семинар ɵткɵрүлүп, облустун аймагындагы бардык музыкалык мектептин мугалимдери катышышты. Ошондой эле 2014-жылдын май айында эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Нарын облусундагы райондук музыкалык мектептер арасында кароо-сынак мектеп тарабынан уюштурулду. Мектептин ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен  45000 сом каражат бɵлүнгɵн. Бул каражатка мектептин ичин сыртын актоо жана эшик-терезе, полдорду сырдоо иштери жүргүзүлгɵн.

Мектептин жылуулугу боюнча кыш мезгилинде 14 контрамарка жагылат. Бир жылга 80 тонна кɵмүр сарпталат, кɵмүргɵ жергиликтүү бюджеттен 260 000 сом          (2014-249 000 сом)  ɵлчɵмүндɵ акчалай каражат каралып, кɵмүр ɵз учурунда тартылып келинип, от жагуу мезгили үзгүлтүккɵ учурабайт.  Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби 1938-жылы курулуп, имарат авариялык абалда болгондуктан Кыргыз +кмɵтүнɵ жаӊы имарат куруу боюнча каттар жɵнɵтүлүп, иштер жүргүзүлгɵн, Учурда жаӊы заманбап  музыкалык мектеп куруу боюнча  Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн 2015-жылга  капиталдык салымдардын эсебинен  курулуучу обьектилердин тизмесине киргизилип, долбоорлору бүткɵрүлүп, курулуш иштери башталгана турат.

Шаардык маданият бɵлүмү: 2014-жыл «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ»  жылына карата  маданий-массалык иш-чаралар уюштурулуп,  ошондой эле бɵлүм тарабынан ɵткɵн жылы маданий-массалык иш-чаралар үзгүлтүккɵ учурабастан. ɵз мɵɵнɵтүндɵ аткарылып  келе жатат. Жыл ичинде ɵткɵрүлгɵн эӊ маанилүүсү  «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына» жана Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык Кеӊешинин уюшкандыгынын 10 жылдыгына карата «Талантка кɵрɵӊгɵ — элдик ɵнɵрдɵ» Ыр-кесе шаардык кароо сынагы февраль айында башталып, шаардык мекеме, ишканалар арасында ɵткɵрүлүп, гала концерт 2014-жылдын 27-октябрында Нарын облустук драмтеатрында болуп, жыйынтык чыгарылды. Жалпысы Ыр-кесеге шаардык мекеме, ишканалардан куралган 10 команда катышты. Бирок шаардык маданият бɵлүмүнүн бирден бир кɵйгɵйү имараттын тардыгы.  Кесипкɵй кадрлардын жоктугу болуп келет. Атайын ɵздүк счетко жыл ичинде планга 50 000 сом  бекитилсе,  30 000 сомго аткарылган.

Ошондой эле шаар ичинде ɵткɵрүлгɵн маданий-массалык, ар кандай социалдык багыттагы иш-чараларга Нарын шаардык мэриясы тарабынан кɵмɵк кɵрсɵтүүгɵ  жана даталуу күндɵрдү уюштуруп ɵткɵрүүгɵ жалпысынан жергиликтүү бюджеттен  2014-жыл ичинде 650 500 сом бɵлүнгɵн. Ал эми 2013-жылда  477 200 сом   акча каражаты сарпталган.

Спорт тармагы. Нарын шаардык дене-тарбия жана спорт бɵлүмүндɵ  3 кызматкер эмгектенип, шаар ичиндеги спорттун массалык түрүн уюштуруп ɵткɵрүшɵт.  жергиликтүү бюджеттен 2014-жылы 205 500 сом бɵлүнүп, 2013-жылга салыштырмалуу 94 500 сомго аз каржыланган. Республикалык бюджеттен: 636 226 сом, демɵɵрчүлɵрдɵн 568 100 сом  жалпысы 1 409 826 сом   2014-жыл ичиндеги спорттун түрлɵрү боюнча иш-чараларды уюштуруп ɵткɵрүүгɵ жумшалган. Ал эми  2013-жыл ичинде жалпысы  981 000 сом сарпталган.

Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде   16  машыктыруучу эмгектенишип, 438 бала  спорттун 5 түрүнɵн (шахмат, волейбол, баскетбол, стол үстүндɵгү теннис жана грек-рим күрɵш)  машыгып келе  жатышат. 2014-жылы спорттук иш-чараларды уюштурууга жана башка спорттук иш-чараларга катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 000 сом акча каралып, 2013-жылга салыштырмалуу 200 000 сом аз бɵлүнгɵн.2014-жылдын жай айларында спорт мектепке тиешелүү ден соолукту чыӊдоо борборунун айланасы 175 000 сомго тосулуп каражат Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн ɵнүктүрүү фондусунан бɵлүндү,  борбордун ички ремонтуна 230 000 сом жергиликтүү бюджеттен бɵлүнүп, чон масштабда ремонт иштери жүргүзүлдү.

Нарын шаардык С.Бекманбетов атындагы эркин күрɵш мектебинде 11 машыктыруучу эмгектенишип, 320 кыз-улан эркин күрɵш боюнча машыгып келе жатышат. 2014-жыл ичинде спорттук иш-чараларды уюштуруп ɵткɵрүүгɵ жана мелдештерге катышууга жергиликтүү бюджеттен  290 000 сом бɵлүнүп, 2013-жылга салыштырмалуу 110 000 сом аз бɵлүнгɵн. Ал эми ремонт иштери үчүн 50 000 сом каралып толугу менен ремонт жасоого жумшалган. Спорт мектептин материалдык техникалык базасын чыӊдоо максатында Республикалык Штанга федерациясы тарабынан 1 даана баасы 180 000 сомдук олимпиадалык штанга берилди.

Аталган мектептин машыгуучулары Абдыкадырова Эльза эркин күрɵш боюнча Кыргыз Республикасынын аялдар арасында мелдеште I-орунду, дүйнɵ чемпионатында (Казахстан) Астана шаарында ɵткɵн Эркин күрɵш боюнча Эл аралык мелдеште V-орунду камсыз кылып,  Ошону менен бирге эле  Түркмɵнстанда аялдар арасында “бел боо” күрɵшү  боюнча  ɵткɵн дүйнɵлүк биринчиликте 3-орунду ээледи. Дүйнɵгɵ жалпы кыргыз элин таанытканы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Б.Тɵрɵбаев тарабынан спорт мектептин окуучусу Э.Абдыкадыровага Ауди А4 үлгүсүндɵгү автоунаа жана машыктыруучусуна К.Сыдыковдун эмгегин баалап Степвагон үлгүсүндɵгү жеӊил автоунаасын белекке берилди. Ошондой эле эркин күрɵш боюнча Азия чемпионатында Жолдошбеков Улук 1-орунду камсыз кылды. Мындан сырткары ɵспүрүмдɵр арасында ɵткɵн Азия оюндарында Бангкок (Таиланд) шаарында Замир кызы Ажар II-орунга ээ болду.

Добавить комментарий