НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШҮ БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ АЛГАЧКЫЛАРДАН БОЛУП ЖАРДАМГА КОЛ СУНДУ

НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШҮ БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ АЛГАЧКЫЛАРДАН БОЛУП ЖАРДАМГА КОЛ СУНДУ

 

28-март күнү Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан уюштурулган тиричиликке зарыл болгон тамак-аш жана буюмдардын университеттин кызматкерлери, ыктыярчылары, Нарын шаарынын социалдык кызматкерлери тарабынан тапшырылышы Нарындын муктаж үй-бүлөлөрүнүн маанайын көтөрүүгө жагымдуу себеп болду.

 

COVID-19 таажы вирусу пандемиясынын шартында Нарын шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык 500 үй-бүлө БАУдан азык-түлүк жана медициналык-гигиеналык буюмдарды алышты: бет каптар (2000 даана), колду жугушсуздандыруучу антисептиктер (500 литр) жана антибактериялык самындар (1500 даана), ун (2500 кг), кесме азыктары (1500 кг) жана өсүмдүк майы (500 литр). Бул жардам БАУ, Ага Хан Өнүктүрүү Уюму, Ага Хан Фонду жана Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкынын өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылды.

 

«Азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү жалпы адамзаттын алдында чоң сыноо турат. Таажы вирусу илдетине каршы туруу үчүн даярдыктар болушу керек. Ошого карата биздин стратегиялык өнөктөшүбүз эл аралык уюмдардын ичинен биринчи болуп БАУ жардамга кол сунду. Эми башка чет элдик уюмдар да четте калбай БАУну өрнөк кылып салымын кошот деп ишенем. Баарыбыз биргелешип ушул илдетти жеңип, шаарыбыз кайрадан БАУнун студенттерине толуп шаңданып, бакубат жашоого жетебиз деген үмүттөмүн»-деди Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыров.

 

Көрсөтүлгөн колдоо тууралуу БАУнун ректору, профессор С.Сохаил Х.Накви мындай дейт: “БАУнун миссиясы- кыйынчылыктарды чечүүдө тоолуу коомчулуктарга мүмкүнчүлүк түзүү. БАУ айрыкча Нарын шаарына, анын ичинде калктын аярлуу катмарына өзгөчө кам көрөт. Нарындагы керектүү товарлардын запастары чектелүү болгондуктан биз Бишкектен  Нарынга ушундай жардамды жеткирүүнү уюштурдук. Мындан тышкары БАУ 90 керебеттүү жай даярдап аны зарыл учурда колдонууга дайындады. Биздин жөнөкөй салымыбыз Нарын шаарынын калкынынын аяр катмарына азыр камкордук көрсөтүүдө, өзгөчө кырдаалда жардам берүүдө жергиликтүү бийликке көмөктөшүү болуп саналат”. Айтмакчы, обсервациялык байкоо зонасы үчүн жууркан-төшөктөр жана жумшак олпоктор айыл жергесиндеги кол өнөрчү айымдардын колунан чыккан. Бул да болсо жергиликтүү ишкерликти колдоонун эң жакшы үлгүсү болуп саналат десек жаңылышпайбыз/

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

03-04-2020_14-43-10

 

Добавить комментарий