Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата, шаарда бир топ иштерди жүргүзүү зарыл, деди мэр Б.Жээналиев.

Кечээ Нарын шаардык мэриясынын жыйналышынын күн тартибинде, мэриянын уюшулгандыгынын 10-жылдыгына карата (04.07.2014-ж) шаарды тазалоо, кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу, кооздоо жана  башка иштерди  жүргүзүү боюнча маселелер каралды, жыййындын жүрүшүндɵ мэр Б.Жээналиев тиешелүү шаардык мекеме-ишканаларга бир топ жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Алсак:

— Нарын шаарынын 4 кире беришине Жаӊы-Жол кɵчɵсүнɵ, Раззаков-Московский аймагына, РТС-Теке-Секирик аймагына жана Ат-Башы тарабындагы кɵчɵлɵрдүн эки тарабына түнкү жарыктарды орнотуу иштерин жүргүзүү, кечкисин ар дайым жарык болуусун камсыз кылуу.

-Шаарды түнкүсүн, жарык болуусу жана кɵрк бериши үчүн Ленин кɵчɵсүндɵгү кɵп кабаттуу  турак үйлɵрдү дюралайттар менен кооздоо.

-«Таайлак баатырдын» эстелигин «Алма-Бак» паркынын ичине жылдырып орнотуу, «Тайлак баатыр» скверинин айланасын тосуп жашылдандыруу иштерин жүргүзүү.

-Нарын каналынан Ленин жана башка туура кеткен кɵчɵлɵрдɵгү суунун агып келишин кɵзɵмɵлдɵɵ менен арыктардын ичин тез арада тазалоо, агын суулардын арыктардан ашып жолдорду каптап кетүүсүнɵ бɵгɵт коюп, график менен дежурство уюштуруу.

-Шаардын Ленин, Раззаков кɵчɵлɵрүндɵгү бактарды тегиздеп кыркуу ирээтке келтирүү. Ленин кɵчɵсүндɵгү акиленбей калган бактарды толугу менен акилеп чыгуу.

-Шаардын муниципалдык менчик департаментине караштуу жер аянттарына мыйзамсыз салынган курулуштар боюнча чара кɵрүү.

-Шаардагы борбордук базардын күн батыш тарабындагы «Мега комфорт» дүкɵнүнүн документтерин тактап, эгерде урусаты жок болсо эко.тех.инспекцияга жаптыруу боюнча официалдуу сунуш берүү.

-Ат-Башы кɵчɵсүндɵгү «Чолпон» АЗСтин жанындагы жер тилкесин тактап маалымат берүү. Шаардагы дүкɵндɵрдүн, АЗСтердин ээлери менен сүйлɵшүп сырткы кɵрнɵктɵрүн жащыртуу, дюралайттар менен жасалгалоо боюнча шардык салык башкармалыгы менен бирдикте иш алып баруу.

-Жаӊы-Жол кɵчɵсүндɵгү «Раяна» дүкɵнүнүн айланасын ирээтке келтирүү, алдындагы стойкаларды жана вагонду алдыруу.

-Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунушуна ылайык мыйзамсыз салынган курулуштарды, уруксат документтери жок иштеп жаткан дүкɵндɵрдү жаптыруу жана штрафтарды салуу.

-Ленин 190 үйүнүн канализация, суу түтүктɵрүн жашоочулар менен бирдикте оӊдоо иштерин жүргүзүү. Ленин 190 үйүнүн 1-кабатында бак-дарактарды жана башка жашылчаларды айдап этаждын суусун пайдаланган айрым тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен сыртка чыгарылган суу түтүктɵрүн жаптыруу. Жаӊы-Жол кɵчɵсү менен Ленин кɵчɵсүнүн кесилишиндеги Ленин 190 үйүнүн артындагы жер участогун тактап коомдук ажааткана салууга чечип берүү.

— «Асман», «Айпери» кафелеринин ээлерине Ленин 190 үйүнүн канализациясын калыбына келтирүү жагын кɵзɵмɵлдɵп, мэрияга маалымат берүү.

Жогорудагылардын негизинде жыйналыш, берилген тапшырмалардын аткарылышы жɵнүндɵ 2014-жылдын 15-июнуна чейин шаардык мэрияга жазуу жүзүндɵ маалымат берүү жагын тиешелүү шаардык мекеме-ишканалардын  жетекчилерине  тапшыруу чечимин токтом менен кабыл алды.

Добавить комментарий