Нарын шаардык мэриясы айымдарга арнап ыр десте тартуулады

8-март аялдардын эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарынын «Жаштар Ордосунда» майрамдык чоӊ программадагы концерт ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет. Иш-чара Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага шаардык мекеме, ишканалардан аял жолдоштор, шаар тургундары катышышты.

Жазды утурлай кирип келген жадыраган айымдардын майрамы менен шаар мэри Р.Адиев куттуктап, бу жарык дүйнөнүн куту болгон энелерибизге, жашообуздун ажарын ачкан эже-жеңелерибизге, ал мончоктой сүйкүм кыздарыбызга туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, акылгөйлүгү жана түшүнүктүүлүгү үчүн терең таазим этип, жашоо-турмушундагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөтү болгон чың ден соолукту каалады.

Нарын облустук музыкалык–академиялык драма театрынын, шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан сунушталган концерт айымдарга майрамдык маанай тартуулады.

Добавить комментарий