Нарын шаардык мэриясы алты айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 1-июлда Нарын шаардык мэриясы алты айдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумун өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Отурумдун күн тартибинде Нарын шаарынын “Жол картасына” жана Иш-планына кирген долбоорлордун аткарылышы жана Нарын шаардык мэриясынын коллегиясынын 2016-жылдын 2-жарым жылдыгына карата иш-планын бекитүү жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле Нарын шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы жана коомдук алдын алуу борборлорунунун иштөөсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Жыйналышка шаар мэри, орун басарлары, коллегия мүчөлөрү, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаардык Кеңештин депутаттары катышышты.

Добавить комментарий