НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЕЛЕЧЕКТҮҮ ПЛАНДАРДЫ БИРГЕ ИШКЕ АШЫРАТ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков БАУнун Ректору — Сохайл Накви мырза, Мырза Карим мырза жана Сохейл Ашрафи, Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин директору Нурбек Нишараповдор менен жолугушуп, мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун багыттарын аныктап, Нарын шаарын экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүү үчүн келечектүү пландарды ишке ашырууну сүйлөшүп, жумушчу топ түзүүнү келишишти.Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков ректор Сохайл Накви мырза менен болгон жолугушуусунда Нарын шаарынын көйгөйлөрүн изилдеп, чечүү жолдорун, аныктап келечектүү пландарды бирге ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилеп, атайын башка шаарлардын жакшы натыйжа берген тажрыйбаларын алып келүү планы менен бөлүшүп, дээрлик баардык тармактар боюнча бирге кызматташууга даяр экендигин айтты.Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну арттыруу максатында кеңири пикир алмашышты.

Добавить комментарий