Нарын шаардык мэриясы «Жылдын мыктыларын» аныктады

23-декабрда Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеӊеши 2014-жылдын мыктыларын аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Быйыл экинчи ирээт ɵткɵрүлүп жаткан «Кɵгүлтүр от» майрамдык кечесинде,  жыл ичинде ɵзүн мыкты кɵрсɵтɵ алган мекеме-ишканалар,  кызматкерлер 30дан ашык номинациялар боюнча Нарын шаардык мэриясынын жанан Нарын шаардык Кеӊешинин дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле шаардык мекеме — ишканалар арасындагы эӊ мыкты кɵркɵм-эстетикалык жасалгалоо сынагынын жыйынтыгы дал ушул күнү чыгарылып, анда «Эӊ мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо» сынагынын жеӊүүчүсү болуп шаардагы №2 «Чебурашка» балдар бакчасы табылды.

Иш чарага шаардын депутаттары, мекеме жетекчилер, номинанттар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка чакырылгандар катышышты.

 

Добавить комментарий