Нарын шаардык мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды

4-фералда Нарын шаардык мэриясы 2013-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. 

Коллегияда мэриянын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2014-жылга милдеттери тууралуу жана 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгына каратаиш пландарын бекитүү боюнча 2 маселе каралды. Алгач, Нарын шаарынын вице-мэриАлмаз Суранов бардык тармактардын 2013-жылдагы жетишкендиктери жана аткарылгаништер, орун алган кемчиликтер тууралуу маалымат берди.

Нарыншаарына 1 жылда 200 млн сомдук инвестиция тартылган. Бул тууралуу шаардынвице-мэри Алмаз Суранов билдирди.  Анын маалыматына караганда,2013-жыл ичинде 200 млн сомго чукул мамлекеттик жана жеке инвестиция тартылган.

Алсак, шаардын Төш-Булак аймагындагы калкты тазасуу менен камсыз кылуу боюнча АРИС программасы аркылуу 37 млн сомдук долбооришке ашырылды. 25 млн сомдук “Чолпон” соода борбору ишке берилди. Нарыноблустук бириктирилген ооруканасынын нерв оорулар бөлүмүнүн имаратынын 59 млнсомдук курулушу жүрүп жатат.

Ошондой эле жеке ишкерлер тарбынан 8 дүкөн, 5унаа оңдоочу жай, эмерек жазоочу цехтер 19 млн сомго ачылып пайдалануугаберилген. ЮСАИД уюму менен биргеликте суткасына 1 тонна сүт иштете ала турганкубаттуулуктагы 5 млн 594 миң сомдук сүттү кайра иштетүүчү цех ишкеберилген.

Шаардын РТС аймагында “Хюмэн Эппиэл Интернейшнл”эл аралык уюмунун колдоосу менен 4 чакырымга жакын узундуктагы таза суусистемасы бүткөрүлүп, жакында ишке берилет. Бул үчүн 4 млн сом жумшалган.Мындан сырткары гүл бактар жасалып, тротуарларга брусчаткалар төшөлгөн.

Маалыматка ылайык, Нарын шаары боюнча жыл ичинде601 млн 776 миң сом өнөр жай прокуциясы өндүрүлүп, белгиленген план 98 пайызгааткарылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30 млн 294 миң сомго көп.  

Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 630 млнсомду түзүп, 109 пайызга аткарылган. Ал эми калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүнкөлөмү 534 млн сомго, башкача айтканда, 100 пайызга аткарылган.

Нарын шаарында калктын өсүшү менен балдарбакчаларына баруучу балдардын саны да өсүүдө. Шаарда нормага ылайык 700 балаалынышы керек болсо, бүгүнкү күндө нормадан сырткары 1708 бала тарбияланыпкелет. Бул тууралуу вице-мэр Салтанат Эсенаманова маалымат берди.

Жаңы заманбап бала бакча куруу ирисуммадагы акча каражатын талап кылгандыктан, куруу мүмкүн болбой келет. №18 «АкДил» балдар бакчасы авариялык абалда болгондуктан, 2 кабаттуу үйдү 5 жылдыкмөөнөткө ижарга алынып, шаардык кеңештин жардамы менен 900 миң сомго заманбапремонт иштери жүргүзүлүп, иштеп жатат.

№5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин1-кабатына балдар бакчасын ачуу пландалып, республикалык бюджеттен айлык акыга,жергиликтүү бюджеттен ремонт, инвентарлар менен камсыз кылуу үчүн акчакаражаттары сунушталууда.

Ошондой эле, Нарын шаарына 150 оорундук 3бала бакча куруу маселеси жогорку органдарга сунушталып, Нарын облусунун «Жолкартасына» киргизилди.

Нарын шаарында билим берүүчү ортомектептерди көзөмөлгө алуу үчүн атайын видео көзөмөл орнотулат, деп билдирдивице-мэр Салтанат Эсенаманова.

Анын айтымында, мектептеги рэкетчилик жанатарбия иштери, мугалимдердин жоопкерчилигин көзөмөлдөө үчүн мектептин ичисыртына 6 сааттык 20 видео көзөмөл орнотулаары айтылды.

Коллегиянын ишине Өкмөттүн облустагы өкүлүА.Кайыпов катышты.

Добавить комментарий