Нарын шаардык мэриясы «Кɵгүлтүр от» жаӊы жылдык кечесин ɵткɵрɵт

Эртеӊ, 23-декабрда Нарын шаардык «Кɵгүлтүр от» майрамдык иш чарасы ɵткɵрүлɵт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш чаранын негизги максаты — жыл башында жарыяланган  «Жылдын мыктылары» сынагынын жыйынтыгын чыгаруу, жеӊүүчүлɵрдү сыйлоо.

Ошондой эле шаардык мекеме — ишканалар арасындагы эӊ мыкты кɵркɵм-эстетикалык жасалгалоо сынагынын жыйынтыгы да ушул күнү чыгарылат.

Иш чарага шаардын депутаттары, мекеме жетекчилер, номинанттар, жалпыга маалымдоо каражаттары катышат.

Белгилей кетсек, «Кɵгүлтүр от» жаӊы жылдык кечеси быйыл экинчи ирээт ɵткɵрүлɵт.

 

Добавить комментарий