НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ МЕНЕН БИШКЕК ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ.

23-мартта Нарын шаардык мэриясынын жана  Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, аймак башчылары Бишкек шаардык мэриясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты.

Муниципалдык башкарууну жакшыртуу, аймактык түзүмдɵрдүн жергиликтүү деӊгээлде кызмат кɵрсɵтүүлɵрүнүн ролун кɵтɵрүү максатын кɵздɵгɵн бул окутуу Эл аралык республикалык институт менен Нарын шаардык мэриясынын кызматташуусунда ишке ашып жаткан Натыйжалуу башкаруу программасынын алкагында уюштурулду.  Каржылык колдоо жагы Демократияны колдоо улуттук фонду тарабынан жүргүзүлдү.

Иш чарада Нарын шаарынан барган топ Бишкек шаардык мэриясында жана №7-«Асанбай», №14-«Кɵлмɵ» муниципалдык аймактык башкармалыктарында, Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында болуп, алардын коммуналдык кызматтар, кондоминиумдар менен жүргүзгɵн аракети, калктын санын тактоо боюнча тажрыйбалары, иш кагаздары менен жеринде таанышып чыгышты.

Ѳз кезегинде Нарын шаарынын муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, аймак башчылары да ɵз тажрыйбалары менен бɵлүшүштү.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий