Нарын шаардык мэриясы турак-жай жана коммуналдык чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктады.

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын турак-жай жана коммуналдык чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш чарада 1-вице-мэр А.Суранов майрам ээлерин куттуктап, ɵткɵн жылы турак-жай жана коммуналдык чарба тармагында аткарылган алгылыктуу иштерге токтоло кетти.

Алсак, Таза-Нарын ишканасы тарабынан 22 666 м3 таштанды чыгарылып, баардыгы 31 ички кɵчɵлɵргɵ жалпы узундугу 8 900 м. жерге жана 6 кɵп кабаттуу турак-жайлардын айланасына балласт тɵгүлүп, түздɵтүү иштери жүргүзүлдү.  Борбордук Ленин кɵчɵсү боюнча туура кеткен кɵчɵлɵрдүн туштарындагы жɵɵ адамдар ɵтүүчү ɵткɵɵлдɵр (пешеходный переход) кайрадан жаӊыртылып, мектептердин, балдар бакчаларынын туштарына жасалма дɵӊчɵлɵр (лежачий полицейский) орнотулду. Мындан сырткары жараксыз абалга келип калган 2 кɵпүрɵ, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 436 миӊ. сомго толук ремонттон ɵткɵрүлдү.

Шаар ичине 3 миӊден ашуун тал-терек, карагайдын кɵчɵттɵрү кɵчɵ жээктерине жана парктарга тигилген.  Ошондой эле шаардын калкы жана мекеме-ишканаларын таза суу менен камсыз кылуу боюнча 1192,0 миӊ  м 2 таза суу берилип, 875 миӊ ыплас суу кабыл алынып, тазалоодон ɵткɵрүлгɵн.  Жылуулук камсыздоо бирикмеси тарабынан от жагуу мезгилинде 22 откана ремонттолуп, бардыгы 82 кɵп кабаттуу турак-жай, 31 менчик үйлɵр, 36 мекеме-ишканалар жана 1560 абонент жылуулук менен камсыз болду.   Жалпы ишкана боюнча 2 951,3 миӊ сомго ремонт иштери жүргүзүлүп, ар түрдүү диаметрдеги 4 305,1 метр жаӊы трубалар коюлду.

Мындан сырткары, шаарыбыздын 145-жылдык мааракесине карата шаарды жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү жана тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылганын баса белгилеп кетти.

Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндɵ коммуналдык чарба кызматкерлеринин  аткарган эмгектерин белгилеп, Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай сыйлыктар тапшырылып, каалоо-тилектер жолдонду.

Иш чаранын соӊунда шаардык  маданият бɵлүмү тарабынан майрамдык чакан концерт тартууланды.

 

Добавить комментарий