НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ЭНЕЛЕРДИ МАЙРАМДАТУУДА

Май айынын үчүнчү жумасына белгиленген энелер күнүнө карата  Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова шаардагы төрөт үйүнө барып, жаңы көз жарган 21 жаш энелерди куттуктады.

Наристелерди жарык дүйнөгө алып келген энелерди куттуктоо менен бирге букет гүл жана баалуу белектерди тапшырып,  шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерл ыреери  энелерди даңктаган обондуу ырларды аткарышып, төрөт бөлүмүндөгү энелерге майрамдык маанай тартуулашты.

Мындан тышкары вице-мэр Н. Жумакадырова  шаардагы үйүнөн чыга албаган 7 баатыр энелерди үйлөрүндө куттуктап, чакан белектерди тапшырды.

Нарын шаардык мэриясы энелер майрамына карата 313 баатыр энени куттуктоо максатында  жергиликтүү бюджеттен 75 миң сом карап, майрамдык белектер даярдалган.

Добавить комментарий