Нарын шаардык мэриясы эскертет!!!

Нарын шаардык мэриясы үйүндɵ мал кармаган шаар тургундарына малды кɵчɵ аралатып бош койбой, кɵзɵмɵлгɵ алуулары зарылдыгын эскертет.

Себеби таштанды аралаган мал бир жагынан шаардын кɵркүн бузуп, таштандыларды чачып жатса, экинчи жагынан антисанитардык калдыктар менен азыктанып, калктын ден соолугуна кооптуу жагдай жаратууда.

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, шаар аралап бош жүргɵн мал «Таза Нарын» ишканасы тарабынан камакка алынып, мал ээлери жоопкерчиликке тартылууда. Андыктан ашыкча айып пул тɵлɵп убаракерчилик тартпайлы десек, багып аткан малыбызга кайдыгер карабайлы!!!

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

Добавить комментарий