Нарын шаардык мэриясы 2015-жылы аткарылган иштер боюнча мекеме-ишканалардын отчетун угат

Бүгүн 12-январдан тартып Нарын шаардык мэриясы мекеме-ишканаларды кыдырып, жылдын жыйынтыгын жеринде талкуулайт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бул үчүн атайын мэр, вице-мэрлердин жана мэриянын жооптуу кызматкерлеринин шаардык мекеме-ишканалардын жылдык отчетуна катышуу боюнча графиги иштелип чыккан.

Алгач шаардык ɵрт ɵчүрүү кызматы, троллейбус ДЕПОсу ɵткɵн жылда жасалган жумуштар жɵнүндɵ маалымат беришет. Ал эми жыл жыйынтыгын чыгаруу башка мекемелер менен ишканаларда кезеги менен улантылат.

 

Добавить комментарий