Нарын шаардык-райондук Ѳрткɵ каршы мамлекеттик кызмат бɵлүмү тарабынан 2014-жылы 61 ɵрт кырсыгы катталган

Бүгүн, 12-январда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Нарын шаардык жана Нарын райондук Ѳрткɵ каршы мамлекеттик кызмат бɵлүмүнүн жылдык отчету угулду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жыйында шаардык ɵрткɵ каршы мамлекеттик кызматынын күжүрмɵн ишмердүүлүгү жана ɵрттү алдын алуу боюнча бɵлүмдɵрүнүн 2014-жылдын он эки ай ичинде аткарган иштери боюнча баяндамалары окулуп, анда кызмат тарабынан нɵɵмɵттɵгү күзɵт убагында 114 жолу чыгуулары катталып, анын ичинен 61 ɵрт кырсыгына чыгуу болгон, ɵрттү ɵчүрүү боюнча ɵздүк курамдын жардамы менен 4 млн. 732 миӊ сомдук  жеке менчик жана мамлекеттик мүлктɵр ɵрт кырсыгынан сакталып калганы белгиленди.

Мындан сырткары, КР Ѳкмɵтүнүн токтомунун негизинде «Куткаруу кызматынын» милдеттери бɵлүмгɵ бекитилип, иш жүргүзүлүп келет. Алсак, шаарда 2014-жыл ичинде авариялык куткаруу кырсыктарына 28 ар кандай чыгуулары катталып, алардын ичинен ɵрт кырсыктары 5 жолу, жол кырсыктарына 7 жолу, суу каптоо каналдарына 2 жолу жана турак үйлɵрдүн суу каптоосуна 3, адамдардын ɵмүрүн ар кандай жагдайдагы кырсыктардан сактоо жана куткаруу 13 жолу, суудан адамдардын жансыз денесин алып чыгууда 5 жолу, издɵɵгɵ алынууда 1 жана башка чыгуулар боюнча 3 учур катталган.

Аталган бɵлүмдɵ 9 ɵрт ɵчүрүүчү жана куткаруу автотехникалары бар, алар куткаруу иштерин жүргүзгɵндɵн соӊ бɵлүккɵ кайтып келүүсү менен ɵз убагында күнүмдүк техникалык тейлɵɵлɵрдɵн ɵтүп турат.

Ошондой эле, шаардык ɵрткɵ каршы мамлекеттик кызмат бɵлүмү 2015-жылга массалык маалымат каражаттар аркылуу калк арасында ɵрткɵ каршы үгүт иштерин жайылтуу, ɵзгɵчɵ кырдаалдар убагында тийиштүү кызмат кɵрсɵтүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартиптин катуу сакталышын камсыз кылуу жана башка негизги милдеттерди алдыга пландоодо.

Белгилей кетсек, жылдын жыйынтыгы тууралуу жыйын, ɵрткɵ каршы-куткаруу кызматында ɵткɵн жыл ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда артыкчылык кɵрсɵткɵн айрым кызматкерлерди бɵлүмдүн атайын «Грамоталары» менен сыйлоо менен башталды.

Ал эми жыйынга Нарын шаарынын 1-вице-мэри А.Суранов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Абакиров, бɵлүмдүн ɵздүк курамы жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышышты

Добавить комментарий