НАРЫН ШААРЫБЫЗГА, САЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АРАСЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПАРТАКИАДАГА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Нарын шаарында салык кызматкерлеринин республикалык спартакиадасы өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бүгүн, 4-август күнү борбордук Ала-Тоо стадионунда анын ачылышы болуп, спартакиадага республиканын бардык облустарынан келген салык кызматкерлери параддан өтүштү.

Спартакиаданын негизги максаты болуп салыкчылардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ден-соолукту жана облустар аралык ынтымакты чыңдоо болуп эсептелет. Спорттук иш чаранын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышып, командаларга ийгиликтерди каалашты.

Ал эми шаар мэри Э.Алымкулов “Урматтуу салык кызматкерлери, коноктор Нарын шаарына кош келиңиздер!” деп сөз баштап, катышуучуларга спорттун түрлөрү боюнча мелдештерде жеңиштерди багындырууга тилектештигин билдирди. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди толтурууда, мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык турмушунун алдынкы катарында салыкчылар тургандыгын жана ар бир салык кызматкеринин эмгегине жарандарыбыздын жашоосу жана алардын эртеңки күнгө ишеними байланыштуу экендигин белгиледи.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов республикалык салыкчылардын спартакиадасын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн КР Ѳкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы тарабынан Ыраазылык кат менен сыйланды.

Белгилей кетсек, салыкчылар арасындагы республикалык спорттук мелдешти уюштурууга Нарын шаарынын бюджетинин эсебинен 80 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

 

Добавить комментарий