“Ассалам” кайрымдуулук фонду Кыргызстанда 2013-жылдан бери өз ишмердүүлүгүнүн көрсөтүп келүүдө. Ал эми Нарын облусуна аталган фонд 3 ФАП, 5 тен ашык мечит, 10 дон ашык айылга таза суу чыгарып беришкен.
Бүгүн, 22-сентябрда Нарын шаарынын Теке-Секирик аймагындагы 1,5 гектар жерге 300 орундуу балдар үй комплексинин капсула салуу аземи өттү.
Комплекс мектеп, жатакана, устакана, тигүү цехин, ФАП, магазин, спорт аянтчасын камтыйт.
Быйылкы жылы дубалын тургузуу иштери жүргүзүлүп, ал эми келээрки жылы комплексти ишке берүү жагы пландаштырылып жатканы ачылыш аземинин учурунда фонддун жетекчилиги тарабынан айтылды.