Нарын шаарына бүгүнкү күндөн баштап жылуулук бериле баштады

Нарын шаардык мэриясынын 2014-жылдын 27-октябрындагы №286  токтомунун негизинде, бүгүндɵн тартып Нарын шаарындагы борбордук от казан менен жылыган имарат жана турак жайлардын бардыгына жылуулук берилүүдө.

Маалымат үчүн айта кетсек, кышкы мезгилге жалпы 2400 тонна көмүр отуну керектелип, азыркы учурда 100% көмүр отуну тартылып бүткөн.

Ал эми Нарын шаарында бул отказаны менен 150дөн ашык билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана 29 социалдык имараттар, 82 көп кабаттуу турак-жайлар жылытылат. Ар бир абонент ай сайын жылуулук үчүн 715 сом төлөйт.

 

Добавить комментарий