Нарын шаарына жаӊы заманбап эки медициналык тез жардам автоунаасы тапшырылды

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук “Теӊир-Тоо” аянтында Нарын шаарына жана облустун райондоруна  медициналык тез жардам автоунааларын тапшыруу салтанаты болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы билдирет.

Калктын саламаттыгын сактоодо жана оорулууга биринчи ыкчам медициналык жардам кɵрсɵтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу тарабынан 815 млн. сомго Нарын облусуна сегиз тез жардам автоунаасы алынып берилсе, мунун ичинен шаардагы калктын басымдуу бɵлүгүн эске алуу менен эки автоунаа шаарга тапшырылды.

Белгилей кетсек, бир медициналык тез жардам автоунаасынын баасы 20 миӊ АКШ доллар баасын түзүп, автоунаа биринчи медициналык жардам кɵрсɵтүүчү жабдыктары менен толук камсыздалган.

Ал эми бүгүнкү күнгɵ чейин, шаар ичинде 3 медициналык тез жардам автоунаасы калкка кызмат кɵрсɵтүп келген.

Добавить комментарий